7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Владимир Путин Санкт-Петербургда жолугушту

8

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында Президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода-экономикалык, финансылык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашты жана кыргыз-россия стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштыгынын жетишилген жогорку деңгээлине канааттануу билдиришти.

Садыр Жапаров бул жолугушуу Владимир Путиндин ноябрда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынан кийин көп өтпөй болуп жатканын айтып, жогорку деңгээлдеги Кыргыз-Россия диалогунун туруктуу мүнөзүн өзгөчө белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бул жолугушуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маселелерин эки мамлекеттин кызыкчылыгында талкуулоого шарт түзгөнүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Владимир Путин Садыр Жапаровго анын жакында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндөгү мазмуну жана түзүлгөн жылуу маанай үчүн ыраазычылык билдирди.

Россиянын Президенти бул сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берерин баса белгилеп, ЕАЭБдеги бардык кесиптештери менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө мазмундуу талкуу болот деген ишенимин билдирди.

Майрамдардын алдында Кыргызстан менен Россиянын лидерлери бири-бирин Жаңы жылы менен куттуктап, эки өлкөнүн элине туруктуулук жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүү каалашты.

9