7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Миң-Өрүк жана Достук айылдарынын тургундары менен жолугушту

351

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда,  Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрдагы кайгылуу окуянын кесепетинен жабыркаган  Баткен районунун Миң-Өрүк жана Достук айылдарына барды.

Мамлекет башчысы аталган чек арадагы айылдарда үйлөрдү куруу жана калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

Азыркы учурда Миң-Өрүк айылында 37 турак-жайда курулуш иштери жүрүп, анын 16сында үйдүн ички ремонтун бүтүрүү иштери жүрүп, 10 үйдүн чатыры жабылды.

Достук айылында бардык 59 үйдүн пайдубалын түптөө аяктады, 4 үйдүн дубалы курулду, 36сында плиталары орнотулууда. 14 үйдүн чатырын жабуу иштери жүрүүдө.

Курулуштун жүрүшү менен таанышкан Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын талкаланган турак-жайларын калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү тапшырып, курулуш иштерин бардык нормаларды жана тиешелүү стандарттарды сактоо менен жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров ошондой эле, жергиликтүү тургундардын ыңгайлуу жашоосу үчүн айылды тийиштүү инфраструктура менен камсыздоону тапшырды.

Мамлекет башчысы турак-жайларды көрүп чыккандан кийин эки айылдын тургундары менен жолугушту, алар насыя алуу, атап айтканда пайызсыз насыя алууга мүмкүнчүлүк берүү, ирригациялык тармактарды өнүктүрүү, социалдык жеңилдиктер, ички жолдорду куруу жана социалдык объектилерди, айрыкча мектептерди куруу боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Садыр Жапаров мамлекеттин негизги максаттарынын бири — карапайым элдин турмушун жакшыртуу экенин баса белгиледи. Бул үчүн зарыл болгон шарттардын бардыгы этап менен ишке ашат.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жалпы аймакка көңүл буруп, алардын  айылдарындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеке таанышканы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ошону менен бирге алар, Баткен облусуна өзгөчө макам берүү аймактын өнүгүшүнө салым кошо баштаганын баса белгилешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

352