7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухту кабыл алды

133

Президент Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кылымдарды карыткан тарыхый жана маданий байланыштарга, жалпы салт-санаага жана руханий баалуулуктарга, ошондой эле улуу көчмөн цивилизацияларынын орток мурасына негизделген кыргыз-монгол мамилелеринин достук жана ишенимдүү мүнөзүн белгилешти.

Кыргызстандын президенти азыркы этаптагы негизги милдеттердин бири –эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий ишенимди ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү жана Кыргызстан менен Монголиянын жарандары менен бизнесине практикалык пайда алып келүүчү конкреттүү соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык долбоорлорго айландыруу экенин айтты.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча Монголия менен тыгыз координация жүргүзүүгө даяр экенине токтолду.

Жолугушууда эл аралык кызматташтык жана экологиялык күн тартиби, анын ичинде туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар конструктивдүү саясий диалогду улантууга жана кыргыз-монгол кызматташтыгын кеңири багыттар боюнча ырааттуу өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырастап, конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани беришти.

134