“Мурдагы шайлоолордон артыкчылыгы мындан ары депутаттык мандат 100 миң доллардан баштап 1 миллион долларга чейин сатылбайт”, — деди өлкө башчы Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда.
Президенттин айтымында, ар бир талапкер көз карандысыз болуп, өзү үчүн гана чуркайт. Кыргызстандын аймагынын географиялык абалы эске алынып, 30 округга бөлүнгөн.
“Ушул жерден айта кетчү нерсе, округдар кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына эмес, жергиликтүү бийликтегилердин сунушу жана БШК менен биргеликте кабыл алынды. “Бул айылды тиги округга кошуп бергиле” деп чуркап жүргөн талапкерлер дагы бар. Андай болбойт. Кайсы бир талапкердин эмес, жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасап жатабыз. Беш-алты айыл башка облустун же башка райондун округуна кошулуп калса, андан трагедия жасаштын кереги жок. Бир эле Кыргызстанбыз. Кимдин кадыр-баркы жогору болсо, кайсы округдан койбосун, ал өтүп келет”, — деп баса белгиледи.
Кошумчалай кетсек, ар бир округдан үчтөн депутат келет. Үчүнчү орун гендерлик теңчиликти, гендерлик мыйзамды эске алуу менен жынысына карап берилет.