7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров “Норус” лыжа базасында болду

799

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-декабрда, Бишкек шаарынын жанындагы “Норус” лыжа базасында болду.

Мамлекет башчысы эс алуу аймагынын инфраструктурасын жана трассаларын көрүп чыкты, ошондой эле тоо боорлорунда лыжа тепти.

“Норус” лыжа базасы кооз Аламүдүн капчыгайында деңиз деңгээлинен 1980 метр бийиктикте жайгашкан.

Анын негизги атаандаштык артыкчылыгы – Бишкек шаарына жакындыгы, борбордон болгону 35 км алыстыкта, жолдо жүрүү болжолдуу 40 мүнөттү алат.

“Норус” базасынын тоо капталдары ар кандай татаалдыктагы жолдорду түзүүгө мүмкүндүк берет. Лыжа трассаларынын бийиктигинин айырмасы 250-300 метр. Бул лыжа жана сноуборд тебүү үчүн, ошондой эле спортчуларды даярдоо үчүн уникалдуу трассалар.

“Норус” лыжа базасында 3 асма жол бар. Бирөө профессионалдар, ишенимдүү тепкен лыжачылар жана сноубордчулар үчүн узундугу 600 м жана 1600 м болгон, жаңыдан баштагандар үчүн атайын 150 метр узундуктагы өзүнчө асма жол, эң кичинекей балдар үчүн конвейер лентасы бар. Ошондой эле ар кандай татаалдыктагы жана узундугу 2000 метрге чейин же андан ашык жаңы жолдорду салууга болот.

Базанын аймагында толук кандуу жайлуу эс алуу үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган төрт кабаттуу мейманкана бар.

Учурда база Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын балансында турат.

Азыркы тапта асма жолдорду алмаштыруу, мейманканаларды куруу жана жаңы бардык сезондук кызматтарды киргизүү аркылуу лыжа базасын толук жаңылоо долбоору даярдалууда: жыл бою лыжа тебүү, кымыз терапиясы, жөө жүрүү жана ат минүү турлары, квадроциклдерди жана карда жүрүүчү унааларды ижарага берүү, ошондой эле жайлуу мейманкана бөлмөлөрүндө жайгаштыруу жана конференц-залдарда иш-чараларды өткөрүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

800