7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Нью-Йорктогу БУУ жыйынында сөз сүйлөдү

29

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу төрайым,

Урматтуу башкы катчы мырза,

Урматтуу делегация башчылары, айымдар жана мырзалар,

Алды менен Анналена Бербок айымды БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын президенти болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаймын.

Быйыл биз дээрлик бир кылым бою жер жүзүндө тынчтыкты, коопсуздукту жана өнүгүүнү коргоп келген уникалдуу уюм — Бириккен Улуттар Уюмунун 80 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Өткөн 80 жылдын ичиндеги көптөгөн чыр-чатак, жаңжалдарга карабастан, куйдайга шүгүр, дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согушка дуушар болгон жок.

Мындай алааматты болтурбоодо, албетте, Бириккен Улуттар Уюмунун орду чоң. Уюм эл аралык баарлашуунун аянтчасы гана болуп кала бербестен, глобалдык кагылышуулардын алдын алууда өзгөчө ролду ойноду.

Бүгүнкү күнү дүйнөлүк саясатта регионализм тенденциялары күч алууда.

Баалар өсүүдө, ликвиддүүлүк жетишсиз, экономикада санкциялар согушу уланууда.
Терроризм жана экстремизм коркунучу бардык өлкөлөрдү тооруп жатат.

Учурдагы сыноолорго карабастан, Бириккен Улуттар Уюму моралдык бийлиги жана институттук потенциалы бар бирден бир универсалдуу уюм бойдон калууда.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Бүгүн Кыргызстан саясий туруктуулук жана жүрүп жаткан социалдык-экономикалык өсүштөр менен сыймыктанабыз.

Бул жетишкендиктер бизге оңой келген жок.

Биз үчүн эркиндикке жана көз карандысыздыкка жетишүүнүн куну кымбатка турду. Бирок мен бир нерсени ишенимдүү айта аламын: Кыргызстан өзүн мамлекет катары түптөй алдык!

Бул жетишкендигибиз бизге келечекке карай чоң максаттарды коюуга мүмкүнчүлүк берет.
Эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму да Кыргызстанды Евразия континентиндеги эң эркин жана туруктуу, күчтүү жарандык коомго ээ болгон мамлекеттердин бири катары тааныйт.

Коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы масштабдуу жана келишкис күрөш Кыргызстанда мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат!

Бүгүн биздин алдыбызда эртеңки күндүн талабына ылайык саясий жаңылануунун жана экономиканы өнүктүрүүнүн милдети турат.

Биз инвестициялык климатты жакшыртуу милдетин койдук, маалыматтык коомду, адилет жана ачык мамлекеттик башкарууну кура баштадык.

Айымдар жана мырзалар!

Дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин лидерлери өздөрүнө жана бири-бирине Уюм эмне үчүн түзүлгөндүгүнүн улуу миссиясын эске салып, эскерүү үчүн жыл сайын Нью-Йоркко чогулушат.

Мен дагы ушул миссия менен Нью-Йоркко келип олтурам.

Бүгүн менин дипломат кызматкерлерим эл аралык дипломатиялык абалды эске алган сыпаа текст даярдашыптыр.

Бирок быйыл мен бул бийик трибунага чыгып, дипломат болбой эле коёюн деп чечтим.
Быйыл мен бул трибунадан мамлекет башчысы гана эмес, дүйнөдө болуп жаткан эл аралык окуяларга өзүнүн чыныгы ой-пикирин, ой-толгоосун билдирген жөнөкөй адам, өз мамлекетинин жөнөкөй жараны катары сөз сүйлөгүм келип турат.

Быйыл менин БУУнун Башкы Ассамблеясына сөз сүйлөө үчүн төртүнчү жолку келишим.
Үч жыл катары менен келип-кетип, кулакка жагымдуу, жакшынакай сөздөрдү сүйлөдүм.
Бүгүн мен миллиондогон кишилердин жүрөгүн өйүгөн көйгөйлөрдү ачык-айкын айтайын деп чечтим.

Дүйнөнүн чар тарабында, ар бир булуң-бурчунда — Европада, Жакынкы Чыгышта, Африкада жана Азияда жаңы куралдуу кагылышуулар жана согуштар тутанууда.

Миллиондогон адамдар үй-жайынан ажырап, өз жерин, өлөң төшөгүн таштап кетүүгө аргасыз болууда. Миллиондогон адамдар курман болууда.

Жапа чеккен адамдар кимдер? Негизинен карапайым эл! Алардын өлүмүнөн акча жасаган бул дүйнөлүк саясатчылар.

Биз көптөгөн элдердин: Палестинанын, Украинанын, Судандын, Сириянын жана башкалардын азап чегип жатканына көз жумуп коё албайбыз, ал жерлерде согуштук аракеттер уланып, карапайым адамдар кырылып, адам укуктары бузулууда.

Дүйнө коомчулугу өзүнүн өзүмчүл геосаясий кызыкчылыктарына таянып, аталган чыр-чатактарга “мунусу көбүрөөк, ал эми тигиниси азыраак маанилүү” деген принцип менен мамиле кылып, кош стандарттуу ыкманы колдонууда.

Украинада дээрлик төрт жылдан бери жаңжал уланып, адамдар өлүп, жарандары өлкөдөн качып чыгууда.

Биз АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган аракеттерин жана чечимдерин колдойбуз.

Биз буга кызыкдарбыз!

Анткени, россия-украина жаңжалынан улам биз дагы жапа чегип жатабыз.

Бир тараптуу санкциялар бизге, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө да кесепетин тийгизүүдө.

Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келебиз.

Андыктан, негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз.

Мен дайыма айтып келгем жана дагы бир жолу кайталайм: Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин ар дайым так аткарып келген жана аткара беребиз.

Бирок биз жарандарыбыздын кызыкчылыгын, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн курмандыкка чала албайбыз!

Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар айрым бейөкмөт уюмдар жана кара ниет жарандарыбыз тарабынан жайылтылган жалган маалыматтарга негизделген.

Кыргызстан банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даярбыз.

2024-жылы Европа бирлигинин өлкөлөрү Россия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Россиядан импорттолгон товарлар болгон.

Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Россия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн.

Ачык айтканда, кимдир бирөөлөр өз алдынча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган.

Бул көрүнүштү кантип атоо керек? «Өзгөдөн бир нерсе талап кылаардан мурда өзүн башкаларга үлгү бол деген сөз».

Бизге Россия менен кызматташпагыла деген талап коёсуңар дагы өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар.

Бизди силерге караганда Россия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат.

Ошондуктан экономикалык жактан алганда Россия менен кызматташпай коё албайбыз.
Биз башкалар менен тирешүүнү каалабайбыз. Биз дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатабыз.

Мисалы, биз ошол эле Англияга жылына 1 миллиард долларлык алтын сатабыз.
Менин өлкө президенти катары биринчи милдетим – жарандарымдын жана өлкөмдүн коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык абалын жогорулатуу.

Биз экономикалык кызматташтыкты жана сооданы саясатташтырууга каршыбыз.

Ошондуктан 2 банкыбызга салган санкцияларды алып салууну талап кылабыз.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

БУУнун башкы катчысы буга чейин Газа тилкесин «миңдеген балдардын көрүстөнү» деп мүнөздөгөн!

Газадагы согушту жана үрөй учурган окуяларды токтотуу үчүн дагы эмне кылуу керек?

Биз Газа тилкесиндеги аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан Палестина элине тилектеш болушубуз керек.

Бүткүл дүйнөнүн көз алдында өтүп жаткан адам чыдагыс трагедияга кайдыгер карабашыбыз керек.

Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык соту тарабынан эл аралык соттук иликтөөнүн башталышын талап кылабыз!

Менин өлкөм ар дайым зордук-зомбулуктун жана терроризмдин бардык көрүнүштөрүн кескин айыптайт, анын ичинде 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге террорчулардын кол салууларын да айыптайбыз.

Андай террорчуларды катуу жазалоо керек.

Бирок терроризмге каршы күрөшүүнүн, террорчуларды жок кылуунун өз ыкмалары, жол-жобосу бар да.

Ошол ыкмалар менен күрөшүш керек эле.

Андай террорчулардын кесепетинен миллиондогон жөнөкөй жарандар кырылбаш керек эле.

Эмне себептен карапайым элдин, бейкүнөө балдардын жүз миңдеп кырылышына жол берип жатабыз?

Тынчтыкты орнотуунун бирден-бир жолу: «Эки эл үчүн – эки мамлекет» принцибин ишке ашыруу.

Палестина 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыздыкка ээ болушу керек.

Биз ошондой эле Катар менен Ирандын аймагына жасалган акыркы ракеталык чабуулдарды айыптайбыз, анткени бул чабуулдар көз карандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүнө кол салуу болуп саналат, аймактагы туруктуулукка жана коопсуздукка коркунуч келтирет жана эл аралык укуктун ченемдерине каршы келет.

Газа, Иран, Ливан жана башка аймактардагы терроризмге, коркунучтарга каршы күрөшүү алардын масштабына жана мүнөзүнө ылайык келүүгө тийиш, бейкүнөө жарандар, аялдар жана балдар жабыркабашы керек, алар курмандыкка чалынбашы керек.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Коңшу өлкө катары Кыргызстан азыркы оор шарттарда Афган элине ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, Афганистандын экономикасын аймактык жана дүйнөлүк экономикалык процесстерге интеграциялоо маанилүү деп эсептейт.

Афганистанды эл аралык изоляцияга алуу, аны чет элдик жардамсыз калтыруу туура эмес. Бул адилетсиздик.

Геосаясий-идеологиялык максаттарды көздөп, каржылык инструменттерди колдонуу аркылуу гуманитардык кризисти курчутууну адилетсиздик жана адамгерчиликсиздик деп эсептейбиз.

Ошондуктан биз Батыш өлкөлөрү тарабынан тоңдурулган Афганистандын активдерин, 9 миллиард АКШ долларынан ашык акча каражатын мүмкүн болушунча тез арада мыйзамдуу ээсине – Афган элине кайтарылышы керек деп эсептейбиз.

Аталган каражаттар инфраструктураны калыбына келтирүүгө, жергиликтүү банктар аркылуу жарандарга жеткиликтүү насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана жакырчылыкта жашаган миллиондогон адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам бермек.

Силер бул каражаттарды ушул тапта өзүңөр колдонуп, пайда көрүп жатасыңар.

Бул сиздер үчүн уят.

Ушул эле Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 2025-жылы Афганистанда 15 миллион адам ачкачылыкка дуушар болсо, 24 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж болуп турат.

Баарыбызга маалым болгондой, сентябрь айынын алгачкы күндөрүндөгү жер титирөөдөн улам 2 миңден ашуун афган боордошубуз каза тапты.

Тилекке каршы, акча каражатынын жетишсиздигинен жана инфраструктуранын начарлыгынан улам, жабыркагандарга өз убагында жардам көрсөтүүгө мүмкүн болгон жок.

Биз Батыш өлкөлөрүнүн лидерлерин Афган элинин келечеги үчүн бул активдерди тез арада кайтарып берүүгө чакырабыз.

Эгер Афган эли жакырчылыктан, ачарчылыктан тез арада чыксын десеңиздер токтоосуз кайтарып бериңиздер.

Адам укугу, мамлекеттер аралык укуктар жөнүндө сүйлөгөн сөзүңөр менен кылган ишиңер мына ошондо дал келет!

Урматтуу жыйындын катышуучулары,

Африка өлкөлөрүндөгү чыр-чатактардан баштап азык-түлүк коопсуздугуна чейинки маселелер сөз жүзүндөгү боорукердикти эмес, конкреттүү иш менен бекемделген тилектештикти талап кылат.

Африка – 1,5 миллиарддан ашык калкы бар, 54 мамлекет жайгашкан Евразиядан кийинки эле экинчи чоң континент.

Африкада ресурстардын эбегейсиз запастары бар жана биз жакынкы келечекте Африканын дүйнөлүк экономикадагы жана эл аралык саясаттагы ролу бир нече эсе жогорулай тургандыгына ишенебиз.

Ошондуктан Африканын эбегейсиз кен-байлыктары Африканын тез өнүгүүсүнө жана өз кызыкчылыктарына жумшалыш керек.

БУУнун тынчтыкты сактоо ишин күчөтүү зарыл.

Менин өлкөм 1990-жылдардын башында эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып БУУнун миссияларынын курамында өзүнүн тынчтык күчтөрүн конфликт болгон өлкөлөргө жөнөтө баштаган.

Бул биздин бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого чын ыкластан салым кошууну каалай тургандыгыбызды дагы бир жолу далилдейт.

Мамлекеттердин салымы алардын өлчөмү менен эмес, алардын тынчтыкка жана тилектештикке чын ыкластуу каалоосу менен аныкталууга тийиш.

Биз эл аралык келишимдерди, анын ичинде ядролук куралдарды таркатпоо жөнүндөгү келишимди чыңдоону жактайбыз.

Жаш муундарды өзөктүк куралсыз дүйнөнү кабылдоого тарбиялашыбыз керек!
Жаш муундардын арасында массалык кыргын салуучу куралдарды колдонуунун кыйратуучу кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

Кыргыз тараптын демилгеси менен жана БУУна мүчө мамлекеттердин колдоосу менен Куралсыздануу боюнча эл аралык агартуу күнүнүн концепциясын ишке ашыруу эң сонун аянтча болмок.

Кыргызстан Борбор Азиядагы өзөктүк куралдан эркин аймак жөнүндөгү келишимдин демилгечилеринин бири жана депозитарийи болуп саналат.

Биз куралсыздануу жана аны жайылтпоо боюнча бардык фундаменталдуу эл аралык документтерге, анын ичинде Ядролук куралды жайылтпоо боюнча келишимге жана Ядролук сыноолорго толук тыюу салуу жөнүндөгү келишимге кошулдук.

Ырааттуулук принцибине ылайык, быйыл Кыргыз Республикасы Өзөктүк куралга тыюу салуу жөнүндө келишимге кол коюу жөнүндө саясий чечим кабыл алды.

Биз планетабыздын ядролук куралсыз жашоого тийиш экендигине бекем ишенебиз — адамзаттын бул ойлоп табуусу жалаң гана тынчтык максаттарга колдонулууга тийиш.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Туруктуу өнүгүү жана аймактык интеграция үчүн Борбор Азия өлкөлөрү тең укуктуу диалогго жана активдүү өз ара аракеттенүүгө муктаж.

Кыргызстан татаал тарыхый-географиялык шарттарга карабастан коңшу мамлекеттер менен, атап айтканда, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечтик.

Бул процесс жогорку деңгээлде, эксперттик деңгээлде узакка созулган сүйлөшүүлөр менен коштолуп, бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен чечилди.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек аралары достуктун, сооданын жана кызматташтыктын чек арасы экенин ишенимдүү түрдө айта алам. Бул тажрыйба саясий эрк, урмат-сый жана диалог бар жерде тынчтык болушу мүмкүн экендигин ырастап турат, бул бизге бардык карама-каршылыктарды чечүүгө жана өнүгүү жолуна түшүүгө мүмкүндүк берди.

Кыргызстан татаал маселелерди чечүүдөгү тажрыйбасын дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүүгө даяр.

Келиңиздер дүйнө жүзү боюнча курал-жарактарга колдонулуп жаткан 3 триллион доллардан ашык акча-каражаттарды элдин турмушун жакшыртууга, ачарчылыкты жоюуга, экологиябызды жакшыртып, абаны тазартууга колдонолу.

Абадан дем алууда дүйнөнүн кайсы бурчунда жашаба чек жок эмеспи.

Баарыбыз бир аба менен дем алабыз.

Ошондуктан кимдин куралы күчтүү деген жарышуу менен эмес, Кайсы өлкөнүн жаратылышы, Кайсы өлкөнүн абасы таза деген жарышуу менен жашоого баарыңыздарды чакырат элем.

Урматтуу достор,

Климаттын өзгөрүүсү – бүгүнкү күндө биз күбө болуп жаткан чындык.

Кургакчылык, мөңгүлөрдүн эриши, экосистеманын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүккө карата коркунучтар алдыбызда турат.

Кыргызстан – бул өзгөрүүлөр өзгөчө таасир эте турган тоолуу өлкө.

Биз азыртадан эле суу ресурстарынын азайышын, айыл чарба жана биологиялык ар түрдүүлүккө тиешелүү коркунучтарды башыбыздан кечирип жатабыз.

Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болгонуна карабастан, эл аралык экологиялык демилгелерге активдүү катышып, глобалдык экосистемаларды коргоого багытталган келишимдерди колдоодо олуттуу роль ойной алат.

Кыргыз Республикасы бир системанын эки уюлу болгон — “тоолордон океанга чейин” деген жаратылыш системаларынын өз ара байланышын таанууну жактап келет.

Анткени, океандардын келечеги тоолордун чокуларынан башталат.

Бул контекстте биз «Деңиздеги биологиялык ар түрдүүлүк жаатындагы Келишимди» (BBNJ) ратификациялап, ушул Келишимге кошулган алгачкы 60тан ашуун мамлекеттин катарына кирдик.

Деңиз жана жээк экосистемаларын коргоп турган дарыялар тоодон башталат.
Демек, тоо экосистемаларын коргоо жана деңиздерди туруктуу башкаруу бири-бири менен байланышта турат.

Азыр биз тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана эксперттердин борбордук аянтчасы катары 2027-жылга пландаштырылган Бишкек+25 Экинчи саммитин даярдап жатабыз.

Баарыңыздарды бул иш-чарага активдүү катышууга чакырабыз.

Кымбаттуу достор,

БУУнун мурунку башкы катчысы Даг Хаммершельд өз убагында таамай айткандай: “Бириккен Улуттар Уюму адамзатты бейишке алып баруу үчүн эмес, адамзатты тозоктон сактап калуу үчүн түзүлгөн” деген сөзү бар.

Бүгүнкү күндө бул сөздөр мурдагыдан да актуалдуу. Уюм согуштун үрөй учурган азаптарынан жаралган, бирок кызматташтыкка, диалогго жана сый-урматка болгон ишенимдин аркасында жашап келе жатат.

Бүгүнкү күндө анархияга жана бир тараптуу чечимдерге каршы калкан катары көп тараптуу системаны сактоо жана өнүктүрүү мурдагыдан да маанилүү.

Заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга адекваттуу эл аралык жаңы механизмдерди түзүү зарылдыгы бышып жетилди.

Биздин Уюм өзгөрүүлөргө муктаж жана бул – учурдун талабы, азыркы реалдуулук.
Ушул контекстте биз «БУУ-80» аталышындагы БУУнун системасын реформалоо боюнча Башкы катчынын аракеттерин колдойбуз.

Мындан тышкары, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишин өркүндөтүү жана реформалоо убактысы келди.

Азыркы учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин тагдырын иш жүзүндө чечип жатышат.

Алардын биргелешкен позицияга келүүсүнөн согуш менен тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук маселелери көз каранды.

Мындан да маанилүүсү, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү туура эмес чечимдерге ар дайым бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кыргызстан Коопсуздук Кеңешин өркүндөтүү боюнча керектүү чараларды көрүүнү зарыл деп эсептейт жана бул чаралар көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алышы керек.

Ушуга байланыштуу, БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоонун бардык маселелери боюнча ыкчам жана компромисстүү чечимге жетишүү абдан маанилүү.

Бул реформа универсалдуулук, кеңири географиялык өкүлчүлүк принциптерине негизделип, БУУнун мүчө мамлекеттеринин колдоосуна ээ болуусу зарыл.

Кыргызстан Африкалык мамлекеттердин Коопсуздук Кеңешине мүчө болуу укугун кеңейтүүнү жана тарыхый теңсиздикти жоюу аракетин мыйзамдуу жана адилеттүү деп эсептейт.

60тан ашык мүчө-мамлекет, алардын ичинде Кыргызстан да, эч качан Коопсуздук Кеңешине шайланган эмес, ошол эле учурда кээ бир мамлекеттер беш-алты жолудан шайланышкан. Бул адилетсиздик деп эсептейбиз.

Урматтуу делегация мүчөлөрү,

Кыргызстан дүйнөдөгү тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо өз салымын кошууга умтулууда.

Дүйнөдөгү чакан мамлекеттердин маселесине БУУнун көңүлүн буруу максатында Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өзүбүздүн талапкерлигибизди көрсөттүк.

Буга чейин Коопсуздук Кеңешине шайланбаган өлкөлөрдү колдоо БУУна мүчө-мамлекеттердин тең укуктуулугун белгилеп, уюмдун беделин көтөрөт жана ага болгон ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Биз адилеттүүлүк принцибине ишенебиз, ошондуктан БУУна мүчө-мамлекеттерден кийинки жылдын июнь айында өтө турган шайлоодо Кыргызстанды колдоп коюуңарды өтүнөмүн.

Ар бир мамлекет Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болууга жана дүйнөдөгү тынчтык менен коопсуздукту сактоого өз салымын кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.
Биз Коопсуздук Кеңешинде олуттуу маселе сунуштай турган тажрыйбасы бар мамлекеттердин катарына киребиз деп ишенимдүү түрдө айта аламын.
Биз эл аралык укукту, адилеттүүлүктү, адам укуктарын коргоону бекем карманабыз жана өз ара урматтоого, кызыкчылыктардын балансына жана келечек муундардын жоопкерчилигине негизделген көп тараптуу системаны колдойбуз.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Учурдун чакырыктары жалпыбызга тиешелүү жана аларга карата жоопторубуз да бирдиктүү болушу керек.

Айткан сөзүбүз менен ишибиз дал келүүсү кажет.

Биз аракетсиздикке жол бербешибиз керек.

Дүйнө аракетти талап кылат.

Планетабыздын келечеги баарыбыздын жалпы жоопкерчилигибиз.

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!”

30