7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Пакистан, Өзбекстан, Венгрия, Афганстан, Түркия, Казакстандын элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

998

Бүгүн, 17-май Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Венгриянын, Афганстан Ислам Республикасынын, Түркия Республикасынын, Казакстан Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.

Мамлекет башчысы ар бир элчини өзүнчө кабыл алып, дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, жакынкы келечектеги өз ара кызматташуунун артыкчылыктарын, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү чараларын талкуулаган. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өз кезегинде Пакистандын элчиси — Сардар Азхар Тарик Хан, Өзбекстандын элчиси — Хуршид Мирзахидов, Венгриянын элчиси — Шандор Дороги, Афганстандын элчиси — Бисмилла Вазири, Түркиянын элчиси — Ахмет Садык Доган, Казакстандын элчиси — Рапил Жошыбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришип, тигил же бул маселелерди чечүүдө Кыргызстан менен кызматташууну чыңдоонун оңтойлуу жолдорун табуу үчүн бардык билимин жана тажрыйбасын пайдаланууга болгон күч-аракеттерин жумшай тургандыктарына ишендиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

999