7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Маликини кабыл алды

487

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, өлкөгө расмий сапар менен келген Палестина Мамлекетинин  экспатрианттар жана тышкы иштер министри Рияд Аль-Маликини  кабыл алды.

Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө кыргыз-палестин мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан бир тууган Палестина Мамлекети менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана ар кандай өз ара пайдалуу тармактарда кызматташууну чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи. Эки өлкөнүн элдерин достук байланыштары, диний, тарыхый жана руханий баалуулуктардын окшоштугу бириктирип турат.

Садыр Жапаров министрдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында эки өлкө маанилүү келишимдерди түзүп, мындан аркы кызматташтыктын келечегин  талкуулай алат деген ишенимин билдирди. Кыргызстан Палестина Мамлекети менен жогорку деңгээлдеги диалогду жандантууга ар дайым даяр.

Өз кезегинде Рияд Аль-Малики Президент Садыр Жапаровго жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Президент Махмуд Аббастын саламын айтты.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министр Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал белгилегендей, Палестина эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн саясий диалогун колдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча кызматташууну жолго коюуга кызыкдар.

Рияд Аль-Малики кыргыз-палестин мамилелеринин туруктуу өнүгүүсүнө токтолуп, Кыргызстан менен Палестинанын ортосундагы эки тараптуу мамилелерде эбегейсиз потенциалды эске алуу менен өнөктөштүктүн темпин жогорулатууну каалады.

Министр эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында эки мамлекеттин ортосунда Өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү, эки өлкөнүн эксперттеринин соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, айыл чарба, медицина, билим берүү сыяктуу тармактарда кызматташуусун жана тажрыйба алмашуусун активдештирүүнү сунуштады.

Тараптар Кыргызстан менен Палестинанын дос элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн бардык скомплексин жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин билдиришти.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

488