7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров расмий сапар менен Будапешт шаарына барды

403

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда расмий сапар менен Будапешт шаарына (Венгрия) барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президентти Венгриянын Президенттик Администрациясынын башчысы Геркели Эклер тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, жана ошондой эле өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жана башка расмий иш-чаралар пландалган.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

404