7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров расмий сапары менен Малайзияга барат

263

Президент Садыр Жапаров 24-25-июнь күндөрү Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу боюнча расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарында болот. Бул тууралуу Кыргызстан президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланат.

Расмий сапардын алкагында Кыргызстан президентинин Малайзиянын мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчилиги менен жолугушуусу, ошондой эле бизнес-коомчулук менен диалог өткөрүүсү да пландаштырылган.

Бул сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын акыркы 30 жылдагы Малайзияга жасаган биринчи расмий иш сапары болуп саналат», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

264