7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды

226

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүн камтыган эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий байланыштардын активдүү динамикасына канааттануу билдирип, Алексей Оверчукту Бишкекте кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынынын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.
Мамлекет башчысы көп жактуу кызматташтыкка токтолуп, Кыргызстан менен Россия интеграциялык бирикмелердин алкагында: ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУда активдүү кызматташууну улантып жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстан Россия үчүн Борбор Азиядагы стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин өзгөчө белгиледи.

Ал эми эки тараптуу кызматташтык өз ара сыйлашууга, жалпы тарыхка, ишенимге негизделген жана көп пландуу мүнөзгө ээ.
Алексей Оверчук ошондой эле өз ара товар жүгүртүүнүн жана жүк ташуулардын өсүшүн белгилеп, союздаштык мамилелерди чыңдоого жана Кыргызстан менен кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

227