7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директорун кабыл алды

437

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, Россия Федерациясынын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкинди кабыл алды.

Коопсуздук тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Сергей Нарышкиндин Кыргыз Республикасына сапары жемиштүү болоруна, ал эми эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда жетишилген макулдашуулар ар дайым стратегиялык мүнөзү, өзгөчө өз ара түшүнүшүү жана толук ишеним менен айырмаланып келген кыргыз-орус мамилелеринин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин сактоодо улуттук коопсуздук органдарынын кызматташуусу маанилүү роль ойнойт, бул тиешелүү тажрыйба, маалымат алмашууга мүмкүндүк берет жана эң негизгиси — аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоодо биргелешкен аракеттерди жана умтулууну координациялоого көмөк көрсөтөт.

Сергей Нарышкин өз кезегинде Мамлекет башчысына Россиянын Президенти Владимир Путиндин саламын жана жылуу каалоолорун жеткирди.

Эки өлкө ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеген РФнын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Борбор Азия чөлкөмүндө жана Евразия мейкиндигинде туруктуулук жана коопсуздук эки мамлекеттин бирдиктүү позициясынан көз каранды экенин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

438