7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Rothschild & Co компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

266

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Бишкек шаарында Rothschild & Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малярд де Ротшильд баштаган өкүлдөрүн кабыл алды.

Экономикалык жана финансылык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. «Сиздердин өлкөбүзгө жана анын экономикалык келечегине болгон кызыгууңуздар биз үчүн ишенимдин маанилүү белгиси болуп саналат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Rothschild & Co дүйнө жүзү боюнча туруктуулук, ишенимдүүлүк жана дүйнөлүк каржы рыногунун тарыхындагы терең кесипкөй экспертиза менен байланыштуу кабыл алынарын баса көрсөттү. Ошондуктан, анын бул тажрыйбаны Кыргызстан менен бөлүшүүгө даярдыгы өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал акыркы төрт жылда өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана экономикалык өзгөрүүлөр өз жемишин берип жатканын айтты: экономиканын туруктуу өсүшү, өнөр жай жана курулуш секторлорунун активдүү өнүгүшү, каржы системасынын чыңдалышы жана инвестициялык климаттын жакшырышы байкалууда, бул өлкөнүн мындан аркы туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем негиз түзөт.

Өз кезегинде Rothschild & Co өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, компания дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү, анын ичинде Борбор Азия менен иштешерин жана инвестициялык консалтинг жана каржылык долбоорлорду коштоо жаатында бай тажрыйбага ээ экенин баса белгилешти. Алар өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын кароого, анын ичинде инфраструктуралык жана энергетикалык демилгелерди ишке ашырууда, ошондой эле каржылык инструменттерди өнүктүрүүдө жана инвестицияларды тартууда даяр экендиктерин белгилешти.

267