7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Санкт-Петербургда ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышат

472

Президент Садыр Жапаров 25-26-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары тарабынан Биримдиктин мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон чечимдер каралат. Атап айтканда, Комиссиянын Коллегиясынын жана ЕАЭБ сотунун мүчөлөрү, Биримдиктин эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2024-жылга негизги багыттары, ЕАЭБ макроэкономикалык саясатынын 2024-2025-жылдарга багыттары бекитилет.

2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, отурумдун алкагында Иран Ислам Республикасы менен ЕАЭБтин эркин соода аймагы жөнүндө Макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2023-жылы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталат, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот. Эскерте кетсек, Кыргызстан көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине 2023 — жылы төрагалык кылган», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

 

 

 

 

473