7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен бейформал жолугушуу өткөрдү

515

Бүгүн, 27-январда президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бейформал жолугушуусу болду.

“Ала-Арча” жаратылыш паркында кыргыз элинин каада-салты менен тааныштыруу үчүн улуттук боз үйлөр тигилип, элдик көркөм кол өнөрчүлөр менен усталардын жасаган буюмдарынын көргөзмөсү жайылды.

Ошондой эле темир устанын чатыры тургузулуп, анда соот кийимдер, туулгалар, калкандар, аскердик кемер-курлар жана байыркы усталардын зер буюмдары илинди.

Ата-бабалардан мурасталгандай, темир уста сом темирди дөшүгө коюп, кынаптап ийип, така жасап, андан соң чатырдын жанында байланган атты такалаган көрүнүш берилди.

Мындан тышкары, өлкөнүн лидерлери кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам сызышты.

Андан кийин “Мурас” фольклордук-этнографиялык тобу ардактуу меймандарга белгилүү кыргыз жана өзбек улуттук музыкалык чыгармаларын аткарып беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

516