7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

300

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Тажикстанга жасаган иш сапарынын алкагында Кожент шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты, регионалдык күн тартибинин негизги аспектилери боюнча пикир алмашты.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана жалпы кыргыз элин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринин чечилиши менен куттуктап, бул кабарды көтөрүңкү маанайда кабыл алганын белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров кесиптешин Протоколго кол коюлушу жана Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы союздук мамилелер жөнүндө келишимдин күчүнө кириши жөнүндө ратификациялык грамоталар менен алмашуусу менен куттуктап, бул кадам региондогу туруктуулуктун жана өнүгүүнүн дагы бир маанилүү фактору болорун белгиледи.

Ал ошондой эле 2023-жылы Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча ушундай келишимге кол коюшканын жана ошол эле жылы Бишкекте мамлекет башчылары ратификациялык грамоталар менен алмашканын эске салды.

Бул контекстте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосунда мамлекеттик чек аралардын кесилишкен чекити жөнүндө үч тараптуу келишимге кол коюу — өлкөлөрдүн чек ара маселелерин биротоло чечүү боюнча аракеттеринин логикалык жыйынтыгы болуп саналат. 

Жолугушуунун аягында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ынак  коңшулук мамилелерди чыңдоого, ар кандай тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө жана саясий диалогду активдүү өнүктүрүүгө эки тараптан тең умтуларын ырасташты.

 

 

301