7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн «Коха Навруз» комплексине барды

601

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Душанбе шаарындагы «Кохи Навруз» комплексине келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, президентти Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон тосуп алып, андан соң ШКУга катышуучу-өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшүшкөн.  Андан соң алар уюмдун алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жыйындар залына киришти.

ШКУ саммитине бирикмеге мүчө-мамлекет башчылары катышат: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Ошондой эле байкоочу макамы бар мамлекеттердин лидерлери: Афганстан, Беларусь, Иран жана Монголия. Мааракелүү саммитте ардактуу мейман катары Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышат.

Эске салсак, дагы алты өлкө уюмда диалог боюнча өнөктөш макамында: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка.

Белгилей кетсек, бүгүн ошондой эле биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

602