Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган күч түзүмдөрүнүн даярдыгын текшерди.
Гарнизондук бөлүштүрүүгө Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, прокуратура органдарынын, Мамлекеттик күзөт кызматынын, салык жана бажы кызматтарынын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин 15 миңге жакын кызматкери катышты.
“Коопсуздук” комплекстүү иш-чарасынын алкагында тартылган бардык мекемелердин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.
Күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат өтөөгө толук даярдыгы тууралуу баяндамаларын уккан соң Мамлекет башчысы өздүк курамды жана атайын техникаларды көрүп чыкты.
Президентке атайын техника, тез жардам унаалары, реанимобилдер, радиобайланыш каражаттары, дрондорго каршы атайын мылтыктар, эксперттик жабдуулар салынган чемодандар, көчмө рентген аппараттары, командалык-штабдык унаалар, металл издегичтер, манипуляторлор, суу чачуучу атайын унаалар, ошондой эле атчан жана кинологиялык бөлүктөр көрсөтүлдү.
Президент сөз сүйлөп, эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын жана чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун сактоо башкы милдет экенине токтолду.
Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө, тартипти так сактоого, эл көп топтолгон жерлерде коомдук тартипти камсыз кылууга, жарандар кайрылган учурда сылык жана ыкчам мамиле кылууга чакырды.
“Кыргызстан – баарыбыздын ыйык Мекенибиз! Өлкөбүз үчүн өтөп жаткан кызматтарыбыз ар башка болгону менен, мамлекетибиздин коопсуздугу менен элибиздин тынчтыгын камсыз кылуу баарыбыз үчүн бирдей милдет экени эч качан эсибизден чыкпашы зарыл”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент ошондой эле күч түзүмдөрүн жаңылоого, алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлердин айлык-маянасын жогорулатууга, ошондой эле социалдык колдоону кеңейтүүгө багытталган иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.
Мамлекет башчысы коопсуздукту ишенимдүү камсыз кылуу өлкөнүн туруктуулугунун жана өнүгүүсүнүн эң маанилүү шарттарынын бири экенин белгилеп, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин жогорку кесипкөйлүккө, жоопкерчиликке жана элге ак ниет кызмат кылууга чакырды.
“Өнүгүүнүн эң биринчи шарты – темирдей бекем тартип! Өлкөбүздү ары-бери чайпалткысы келген тышкы күчтөргө азгырылып, алардан эмгек акы алып, элди дүрбөлөңгө салгысы келген арабыздан чыккан саналуу эл душмандарын
катуу жазалашыбыз керек!
Андайларга ырайым болбойт!
Өлкөбүздүн күчү – биримдигибизде жана ынтымагыбызда! Биримдик бар жерде ийгиликтер болот, ынтымак уялаган жерге ырыс-кут конот”, — деди Президент Садыр Жапаров жана сөзүнүн соңунда тартылган бардык кызматтардын кызматкерлерине татаал жана жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалады.




