7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады

521

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктады.

«Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз! Сиздин турмуштук тажрыйбаңыз жана талыкпас эмгегиңиздин негизинде Кытай Эл Республикасы гүлдөп-өнүгүү жолуна ишенимдүү багыт алууда. Биз Сиздин эркиңизге жана алдыга койгон максатка жетүүдөгү чечкиндүүлүгүңүзгө суктанабыз. Кыргызстан Сизди кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө зор күч-аракет жумшап жаткан ак ниет дос катары билет. Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарымдын жана «Борбор Азия-Кытай» саммитине катышуумдун алкагында Сиань шаарында Сиз менен болгон жолугушуубузду жылуу сезимдер менен эстейм. Сапарымдын алкагында жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана өз ара ишеним мамилелерин андан ары да илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле Сиз менен болгон жеке алакабызды чыңдоого негиз түздү. Өз кезегимде, кыргыз-кытай ар  тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин жогорку деңгээлде туруктуу сактоо үчүн Сиз менен чогуу биргелешкен күч-аракетимди жумшоого ар дайым даярмын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Жапаров Си Цзиньпинге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишинде андан аркы ийгиликтерди, ал эми дос Кытай элине бакубаттык, тынчтык жана өркүндөөнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

522