7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

882

26-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров түрк тарапка 2020-жылы коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстан элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктап, Түркияга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Садыр Жапаров дагы Режеп Тайип Эрдоганды Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

883