7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы менен жолукту

485

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарында Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле соода, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаров менен жылуу учурашып, түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдык мааракесине арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Түркмөнстан Кыргызстан менен кызматташтыкты жогору баалаарын баса белгилеп, эки тараптуу күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын айтты.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Кыргызстан Түркмөнстан менен терең маданий жана тарыхый байланыштарга таянып, товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулоого даяр экенин белгиледи.

Бул контекстте Мамлекет башчысы регионалдык интеграцияны жакшыртуу жана товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн энергетика тармагындагы кызматташтыкка жана өлкөлөр ортосунда жаңы транспорттук коридорлорду түзүүгө көңүл бурууну сунуштады.

Муну менен катар тараптар маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин да талкуулашты жана бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы боордоштук мамилелерди тереңдетүүнүн кезектеги кадамы болот деген ишенимин билдиришти.

Жолугушуунун аягында Президент Садыр Жапаров Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго Махтумкули Фрагинин тандалма чыгармаларынын кыргыз тилиндеги китебин тартуу кылды.

 

486