7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 150 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

375

Бүгүн Ош шаарында «Акылман» мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, бала бакчанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын өздүк курамы, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана УКМКнын ардагерлери катышты.

Жаңы бала бакча УКМК жана Чек ара кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн курулган. 150 балага ылайыкташкан мекемеде балдар үчүн заман талабына ылайык бардык шарттар түзүлгөн.

Камчыбек Ташиев атайын кызматтын же чек арачылардын гана эмес, өлкөбүздүн бардык балдары үчүн кам көрүү мындан ары да улантыларын белгиледи.

«Атайын кызматтын жана чек арачылардын кызматтык жана үй-бүлөлүк жашоо шартын жакшыртуу аракети өлкө жетекчилиги үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша кызматкерлерге коюлган талаптар дагы күчөтүлөт», — деди ал.

376