Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев президент Садыр Жапаровдун атынан төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Белгилүү болгондой, батир наристелер үчүн ыңгайлуу шарттар менен толук камсыздалган. Керектүү балдар керебеттери жана коляскалар да тапшырылды. Бул колдоо мамлекет тарабынан үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртуу жана наристелердин келечегине кам көрүү максатында көрсөтүлдү.
Өз кезегинде төрт эмдин ата-энеси көрсөтүлгөн камкордук үчүн Президентке терең ыраазычылыгын билдиришти.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 12-мартында Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында Араван районунун 26 жаштагы тургуну Дилшода Артыкова бир уул, үч кыз төрт эмди жарык дүйнөгө алып келген.



