7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Таластагы «Баластан» шаарчасынын курулушуна капсула салды

123

Бүгүн, 13-ноябрда мамлекет башчысы Садыр Жапров Талас облусуна иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысы алгач жергиликтүү тургундар менен амандашты.

Мамлекет башчысы Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы «Баластан» шаарчасынын курулушуна капсула салды.

“Баластан” балдарлын оюн зоок борборунун жалпы аянты 7 гектарды түзөт. Аталган борбор Талас шаарындагы О. Шамбетов көчөсүндө, Талас аэропортунун жанында жайгашкан.

Шаарчада оюн-зоок багытындагы балдар жана чоӊдор үчүн өзгөчө жайлар, боулинг, музей, кинотеатр, дүкөн ж.б обьектилер болот. Аймак заманбап шарттары бар эӊ кооз жай болуп жасалат.

Мындан тышкары Кытайдан атайын гид роботторду алып келүү да пландалууда.

Жумуштар Талас шаарынын мэриясы менен «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасынын ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлүп, республикалык бюджеттен каржыланууда. Жалпы наркы 1 млрд сом.

124