7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Темир жол долбоорунун Балыкчы—Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Баштаган ишти аягына чыгарабыз

650

«Бүгүн темир жол долбоорунун Балыкчы—Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз», — деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берип жатып.

Мамлекет башчысы темир жолду төшөө бара-бара андан ары уланып, Макмал аркылуу Жалал-Абадка жетип, өлкөнүн түндүк-түштүк бөлүгүн бириктириши керек экенин белгилеп, ошондо гана бул жол Кыргызстанга толук канду иштеп, пайда берип турган жол болорун кошумчалады. «Иштин башталышы анын жарымынын бүтүшүнө тете» дегендей, аталган темир жол долбоорунун Балыкчы — Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз. Себеби бул элдин талабы, өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн маанилүү өбөлгөлөрдүн бири болуп эсептелет. Ал эми ата мекендик темир жол тармагында дагы бир тарыхый барак ачып жаткан темир жол куруучуларга кажыбас кайрат, бекем ден соолук каалайм. Сиздер ары маанилүү, ары жоопкерчиликтүү долбоорду ишке ашыра баштадыңар, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!», — деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

651