7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бетинде так, шрам болбошу керек». 20 өлкөнү кыдырган Дубайдагы кыргызстандык стюардесса

3296

4 тилде эркин сүйлөп, 20га жакын мамлекеттерди кыдырып, учурда Дубай шаарында стюардесса болуп эмгектенип келген 23 жаштагы кыргыз кызы Гульзана Назаркулова ийгилик сырларын айтып берди.

— Саламатсызбы, алгач эле өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз…

— Саламатсыздарбы, атым Гульзана жашым 23тө. Жогорку окуу жайды чет өлкөдө окугам, кесибим боюнча финансистмин. Үй бүлөдө 4 бир тууганбыз бир эжем жана 2 иним бар. Атам милиция кызматкери апам болсо мугалим, алар Бишкек шаарында турушат. Учурда Дубай шаарында жашап стюардесса болуп иштейм.

— Канча убакыттан бери Дубайда эмгектенесиз? Чет жака кетишиңизге эмне себеп болду?

— Дубай шаарына көчүп келгениме 2 жыл болду. Мындан мурда 3,5-4 жылдай Түркияда жашап иштегем. Ал эми менин чет өлкөдө жашаганымдын себеби,  кичинекей кезимден берки кыялым эле. Мага башка өлкөлөргө барып саякаттаган, жана жаңы нерселерди үйрөнүп, билимге умтулган жагат…

— Балалык кезиңизге кайрылып кетсек. Кичирээк кезиңизде ким болууну кыялданчу элеңиз?

— 5 жашымдан баштап эле журналист болгум келчү. Микрофон кармап алып сүйлөп, жакындарымдан интервью алып өзүмдү журналист сезчүмүн (күлүп). Негизинен эл аралык каналдарга кызыгып, көп көрөт элем.

— Дубайда иштейм деп калдыңыз. Учурдагы жумушуңуз тууралуу айтып берсениз?

— 2 жылдан бери “Air Arabia” компаниясында стюардесса болуп эмгектенем, азыр башка авиалинияга өттүм. Бул сферага кокусунан эле келип калгам. Турциядан Бишкеке 2 жумага эс алууга келгенмин, курбу кызым “Air Arabia” компаниясы ачык эшик күнүн өткөрүп жатканын айтты. 300-400 кишинин ичинен 10 эле кызматкерди тандап алаары мен үчүн кызык болгон. Анткени мурунку жумушум кызматкерлерди тандап алуу менен байланышы бар эле. Ошентип көргөнү барып эле ошол жакта иштеп калып калгам.

— Мекениңден алыстоо кыйынчылык туудурбай койбойт эмеспи.Чет өлкөгө көчүп барганда кандай кыйынчылыктарга кабылдыңыз?

— Албетте кыйынчылыктар, ыйлаган күндөр болгон… Биринчи жолу чет өлкөгө 18 жашымда көчүп келгем. Жаңы барганымда үй бүлөмдү, жакындарымы сагынып кайра Кыргызстанга кетип калгым келген. Эмоционалдык абалың начарласа, жумушка болгон мамиле дагы өзгөрөт. Башында кыйын эле болгон, бирок бардык нерсеге көнсө болот. Бир нече жолу өлкөлөрдү аралап жүрүп азыр көнүп калдым. Дагы башка тосколдуктарды алсак, бир үйдөн, экинчи жака көчү. Жаңы таанышып достошуп калган жакындарың менен кайра коштошуу сыяктуу нерселер. Чынында бул нерсе оңой эмес. Кээ бир адамдар үчүн бул мүмкүн эмес, анткени алар туруктуулукка көнүп калышкан.

— «Көп тил билүү- бир кулпу үчүн бир нече ачкычка ээ болуу»,- дегендей тил билүү көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачса керек. Сиз канча тил билесиз?

— Учурда 4 тилде эркин сүйлөйм. (кыргыз, орус, англис, түрк). Азыр испанский тилин үйрөнүп жаткан учурум.

— Жумушуңузга кайтсак, стюардесса болуу үчүн кандай аракеттерди жасаш керек? Деги эле талаптары кандай?

— Стюардесса болуш үчүн эң биринчи өзүн өнүктүрүү, аракет жана умтулуу болуш керек. Сөзсүз түрдө көп тил билиши керек, ар бир авиакомпания англис тилин талап кылат. Дени сак болушу керек жана эмоционалдуу интеллект башкы ролду ойнойт. Ошондой эле психологиялык жактан даяр болуп, өзүңдү контролдогонду билишиң керек. Стюардессаларды кабыл алып жатканда ар кандай кырдаалга туруштук бере алган чыдамкайлыкка көңүл бурулат.

Ал эми сырткы талаптар бою 160 тан өйдө болуп, салмагы боюна дал келиш керек, көп дагы эмес , аз дагы эмес. Бетинде тактар, шрамдар жок болгону абзел. Анан дагы денесинде татуировка тартылбашы керек.

-Стюардесса болом деген кыздар аябай көп, сиз аларга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Ооба чынында эле бул кесипке кызыккан кыздар аз эмес. Көп кыздардын кыялы десек да болот. Бул сферага кызыккандарга психологиялык жана эмоционалдык жактан өзүнүн жакшы даярдап алса, ошондой эле бул кадамга барардын алдында ал иштин милдеттери тууралуу жакшы окуп билип алышсын. Көбүнчө кыздар, бул жумушта саякаттап, ар кайсы өлкөлөргө барып жүргөнүн көрүшөт. Стюардесса деген сөздүн деги эле бир сырткы картинасы бар да, ошол нерсени көрүп алышат. Бул сфераны ичинен жакшылап билип баштаганда кээ бир кыздарга жакпай калышы мүмкүн. Менин практикамда дагы ушундай учурлар болгон. Ар ким ар кандай себептер менен 1 жылдан кийин же болбосо 1 жылга жетпей жумуштан кетип калган кыздар бар. Кээ бирлеринин ден соолугу туура келбесе, кээ бирлерине график, же болбосо кандайдыр бир үй-бүлөлүк себептер болгон. Андыктан, бул кадамга барардан мурда баарын билип, окуп алышыңыздар керек.

— Кыргызстанга кайтып келүү планыңызда барбы?

— Ар бир эле чет жердеги жаран өзүнүн өлкөсүн сагынса керек. Алгач көчүп келгенимде мага аябай билинген. Азыр эч нерсе деп айта албайм. Бирок, “жасалган бардык нерселер жакшылыкка” деп ишенем. Ар бир сыноо, мүмкүнчүлүк бир жакшы жыйынтыкка же болбосо жакшы тажрыйбага алып келет.

— Иш учурунда кызыктуу учурлар болуп турса керек, бир окуя менен болүшө кетсеңиз.

— Ар бир каттамга чыккан сайын кызыктуу окуялар, учурлар болот. Кээде позитивдүү учурлар, кээде негативдүү учурларда болуп турат. Кыйын учурларда жүргүнчүлөрдүн жашоосун сактап калганга жардам беребиз. Сылык мамиле менен адамдардын маанайын көтөргөнгө аракет кылабыз. Эң эле эсте калган кызыктуу окуя 5-6 жаштагы бала менен учакта ойноп, экөөбүз жакшы убакыт өткөргөнбүз. Бир маалда эле үнүн аябай катуу чыгарып, англис тилинде аябай жагымдуу ырдап берген. Өзү кичинекей, бирок англис тилин билет экен. Анан дагы мага кат калтырып кеткен. Эсимде калганынын себеби, жаш балдарга жакын болгонум болсо керек.

— Башка өлкөлөрдө айлык маянасы көбүрөөк болот эмесби.) Сыр болбосо сиздики канча?

-Айлык маянам сыр деле эмес, болгону жеке нерселерди айтканды туура көрбөйм.

— Канча өлкөнү кыдырдыңыз эле?

— 18 жаштан баштап эле саякаттап баштагам. Болжол менен 20дай мамлекетке бардым.

Маегиңиз үчүн рахмат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3297