7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчини кабыл алды

496

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына дипломатиялык миссиясын аткаруу үчүн жөнөп жаткан Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Улан Жусуповду кабыл алды.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, биздин республика дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын жана Королева Елизавета II таажы кийишинин 70 жылдык юбилейин утурлай кыргыз-британ эки тараптуу мамилелеринин ырааттуу өнүгүшүнө өзгөчө маани берет.

«Дипломатиялык чөйрөдө сиздин чоң тажрыйбаңыз жана тийиштүү кесипкөй жөндөмүңүз бар. Өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан Бириккен Королдуктагы дипломатиялык миссиянын алдына коюлган милдеттер өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө аткарыла тургандыгына ишенем. Финансы-банк секторунда байланыштар тармагын активдештирүү маселесине өзгөчө көңүл буруу керек. Элчиликтин ишинин маанилүү бөлүгү катары маданий-агартуу тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо саналышы керек»,- деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттар боюнча бир катар тапшырмаларды берип, Улан Жусуповго ишиндеги ийгиликтерди жана элчиликтин алдына коюлган милдеттерди ишке ашырууда жетишкендиктерди каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

497