7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Тик учактарыбыздын саны дагы бирге көбөйдү

472

Президент Садыр Жапаров өлкөдө тик учактардын саны дагы бирге көбөйгөнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

«2016-жылы Россия тарап Кыргызстанга МИ-8МТВ-1 тик учагын берген экен. Албетте, Россиянын мындай белегине ыраазычылык билдирилип, тик учак өлкөнүн ар кандай муктаждыктарында пайдаланылат.

Бирок, тилекке каршы, аталган тик учак туура бир жылдан кийин, 2017-жылы бузулуп, ошол бойдон ушу кезге чейин ар кандай себептер менен ремонттолбой туруп калат. Биз жаңы тик учактарды алгандан сырткары, колдо барларын оңдоп-түзөп, мамлекеттин муктаждыктарына колдонууга аракет кылып келебиз.

Ошол жарактан чыгып, 6 жылдан бери пайдаланылбай туруп калган тик учакты дагы адистерге көрсөтүп, ремонттосо боло тургандыгын аныктагандан кийин, Беларусь Республикасынын лидеринин көмөгү астында адистери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, МИ-8МТВ-1 тик учагыбызды ал жактан толук бойдон капиталдык ремонттон өткөрүп келдик.

Ошентип, тик учактарыбыздын саны дагы бирге көбөйдү.

Буга байланыштуу мен Беларустун Президенти Александр Лукашенкого өтүнүчүбүздү дароо кабыл алып, канааттандыргандыгы үчүн терең ыраазычылыгымды билдире кетейин», — деп жазды президент.

Мамлекет башчынын айтымында, тик учактын сапаттуу жасалышын президент Лукашенко өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматкерлерге катуу табыштаганын айткан.

«Чындыгында эле беларустук адистер ремонт иштерин абдан сапаттуу жасаптыр. Бүгүнкү Талас облусуна болгон иш сапарыма дал ушул тик учак менен барып келдим. Биздин адистер ремонт мыкты болуптур деп баасын беришти. Беларусь лидери кесиптешим Александр Григорьевич Лукашенкого дагы бир жолу ыраазычылык айтам. Кудай буюрса, бул тик учагыбыз дагы өлкөбүздүн кызыкчылыгына көп-көп кызмат кылат деп ишенем», — деп белгилеген өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

473