7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ТМУга мүчө-мамлекеттердин муфтийлерин кабыл алды

24

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин диний лидерлеринин делегациясын кабыл алды.

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун кызматташтыгындагы маанилүү багыттардын бири – дин жаатында өз ара аракеттенүү экенин баса белгиледи.

“Биз ыйман менен адептин, биримдик менен ынтымактын дини болгон Исламдын баалуулуктарын түрк дүйнөсүнүн улуттук наркы, салты менен айкалыштырып, жалпы элибиздин жаркын келечеги үчүн кызмат кылууга тийишпиз. Бул, өз кезегинде, коомдун адеп-ахлагын чыңдайт. Ошондуктан, сиздердин жыйыныңыздар жалпы түрк мамлекеттеринин руханий биримдигин бекемдеп, бир туугандык жана боордоштук мамилелерибизди арттырууда чоң мааниге ээ”, — деди президент.

Ал Кыргызстан көп конфессиялуу жана көп этностуу өлкө экенин белгиледи. Калкыбыздын 90 пайызын мусулмандар түзөт.

“Ушундан улам, акыркы жылдары Кыргызстанда дин жаатында бир катар реформалар жүргүзүлүп, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына – Муфтиятка ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп келет.

Мына быйыл Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик болуп кайра түзүлүп, менин жеке көзөмөлүмө кирди.

Ошону менен катар, диний сабаттуулукту жогорулатуу жана диний кызматкерлердин билимин арттыруу, кайра даярдоо максатында Токмок шаарында жакынкы күндөрү Ислам академиясы ачылганы турат”, — деди Садыр Жапаров жана жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыздоо максатында жаңы мыйзам кабыл алынганын кошумчалады. Мамлекет башчысы азыркы заманда ар кандай диний агымдар көбөйүп, жаштар интернет жана социалдык тармактар аркылуу алардын таасирине кантип кирип кеткенин билбей жатышканын өзгөчө белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров руханий лидерлердин негизги милдеттеринин бири жаш муунду ата-бабаларыбыздан калган салттуу диний баалуулуктардын негизинде тарбиялоо экенин баса көрсөттү. Ал коомго ар кандай тескери агымдарга азгырылбаган, ыйманы таза, ар кыл билимге эгедер, нарк-насилге сугарылган, сабаттуу жаштар керектигин ырастады.

Президент өз сөзүндө руханий лидерлерди жаштарды радикалдык агымдардан сактоо, аларга туура насаат жана улуттук биримдикти жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү билим берүү боюнча активдүү иштөөгө чакырды.

Өз кезегинде ТМУнун мүчө-мамлекеттеринин муфтийлери Мамлекет башчысына кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусунун мезгилинде жетишилген олуттуу натыйжаларды белгилешти. Диний лидерлер биримдикти чыңдоого, руханий баалуулуктарды жайылтууга жана салттуу исламды сактоого багытталган мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасашты.

Муфтийлер радикализмге каршы туруу, ошондой эле жаштарды агартуу жана аларды ишеним, адеп-ахлак жана улуттук каада-салттардын духунда тарбиялоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыктарына ишендиришти.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого кошкон зор салымы жана руханий баалуулуктарды өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын «Айкөл» ордени менен сыйланды.

 

25