7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Токаевге токой өрттөрүнөн курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

771

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-июнда, Казакстанндын президенти Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн чыгышындагы токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

772