7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: МИК түзүлгөндөн тарта жалпы 14 945 үй-бүлө турак жайлуу болду

9

Бүгүн, 12-январда, президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинин курулушунун экинчи этабынын алкагында ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу мекендештер!
Борбор калаабыздын кымбаттуу тургундары жана кадырлуу коноктору!
Бүгүн биз жагымдуу, кубанычтуу окуя менен жаңы жылдын алгачкы айында жолугушуп турабыз. Эң алды жаңы жалыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын.
Жаңырган Жылкы жылы жалпы эл-журтубуз, мамлекетибиз үчүн бакубатчылыктын, туруктуу өсүп-өнүгүүнүн, тынчтыктын, бейпилчиликтин жылы болсун. Алдыга койгон мүдөө-максаттарыбыз четинен аткарылып, жарандарыбыздын турмуш шартын жакшыртууга багытталган иш-аракеттерибиз арбый берсин.

Мамлекеттин алдында дал ушундай артыкчылык берилген олуттуу милдеттердин бири – бул үйгө муктаж мекендештерибизди турак жайлуу кылуу экени талашсыз.
Бүгүн биз «Мурас» турак жай комплексинде дагы 1080 батирди өз ээлерине тапшыруу алдында турабыз.

Эсиңиздерде болсо «Мурас» турак жай комплексинде жалпысынан 39 блоктон турган 4754 батир куруу пландалган. Бул комплексте 2024-жылы 510 батир, 2025-жылы 476 батир курулуп, ээлерине тапшырылган.

Учурда курулушу жигердүү жүрүп жаткан 2688 батир мерчемделген мөөнөтүндө өз ээлерине өткөрүлүп берилет.

Албетте, комплексте бала-бакча, мектеп жана унаа токтотуучу жайлар орун алып, заманбап жашоого керектүү бардык социалдык объектилер менен камсыздалган.
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган аталган комплекстеги кезектеги батирлердин берилиши өлкөбүздөгү турак жай саясатынын туура багытта ырааттуу ишке ашырылып жатканынын далили деп ишенимдүү айта алабыз.

10 млн сомдук уставдык капитал менен 10 жыл мурда ачылган Мамлекеттик ипотекалык компания учурда уставдык капиталын 87 млрд сомго жеткирип, келечекте 200 млрд сомго чыгарабыз деген аракетин көрүп жатат. Бул мекеме 2025-жылы 4 662 үй-бүлөнү турак жайлуу кылып, 2024-жылга караганда 4 эсеге көп батир бере алышты.

Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн тарта жалпы 14 945 үй-бүлө турак жайлуу болду.
Урматтуу замандаштар!

Азыркы учурда өлкө боюнча 80 245 ипотекалык батирдин курулушу кызуу жүрүп жатат. Кудай буюрса, жыл соңуна чейин Бишкек, Ош, Манас, Токмок, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Нарын, Талас жана Баткен шаарларында, ошондой эле Нарын облусундагы Кочкор, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашуун батир курулуп, жарандарыбызга берилмекчи.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкы максаты – турак жайга муктаж болгон жарандарыбызды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу экенин дагы бир жолу баса белгилейм. Ошону менен бирге, акыркы убактарда коомчулукта ипотекалык батирлердин баасы жөнүндө айтылып жаткан сын-пикирлерге дагы токтоло кетейин. Биз эң оболу алыскы келечекти терең талдап, иш алып баруудабыз.

Мамлекеттик ипотекалык компания азыркыдай масштабдуу курулуштарын улантып, өлкөбүздөгү “өз үйүм – өлөң төшөгүм” болсо деп кыялданган бардык мекендештерди үйлүү-жайлуу кылуу үчүн ишмердүүлүгүн так анализ, туура эсептөөлөр менен жүргүзүүдө.

Компания батирлерди турак жай программасынын кезегинде турган жарандарга алдын ала төлөмү жок 25 жылга 4 жана 8 пайыз менен берип жатканын жакшы билесиздер. Бул керек болсо өлкөдөгү инфляция денгээлинен да төмөн.

Ушул жерден бир нерсени баса белгилеп айта кетейин. Мисалы, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда чарчы метрин 700 доллардан “под ключ” бересиңер деп биз жеке компанияларга тапшырма берип, салдырып, анан алар 700 доллардан бир доллар ашырбай, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берет.

Мына ушул үйлөрдү 700 доллардан алып жатабыз. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания үстүнө 250 доллардан кошуп, 950 доллардан берип жатат.
Анткени, муну туура түшүнүшүңүздөр керек, МИК батирлерди 25 жылга берип жаткандан кийин, бул 250 доллар ошол 25 жыл ичиндеги инфляцияны жаппайт. Керек болсо 50 пайызын дагы жаппайт.

Биз ошого карабастан, элге жеңилдик болсун деп берип жатабыз. Эгерде жеке жактардан алсаңар, жок дегенде 1500 доллардан алат элеңер.

Кудай буюрса, алдыда ипотекалык компания өз алдынча каржылоого өтүп, өлкөнүн турак жай фондун дагы кеңейтүүнү максат кылууда. Буга чейин биз Мамлекеттик ипотекалык компанияга каражаттарды мамлекеттик бюджеттен бөлүп берип келе жатабыз.
Мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча жана үстүнө 250-300 доллардан кошуп бергендин пайдасы менен капиталы 87 млрд сомго чыкты.

Быйыл дагы МИКке мамлекеттик бюджеттен акыркы жолу 500 млн доллардын тегерегинде беребиз. Эмдиги жылдан баштап МИКке бюджеттен каражат бербейбиз. Өзүнүн 200 млрд сомго чыгарып алган капиталы менен 5-10 жыл эмес, 50-100 жыл бою элди – жаңы үйлөнгөн үй-бүлөдөн баштап, үйгө муктаж карыларга чейин турак үй менен камсыз кылууну ушул мамлекеттик ишкана алып барат.

Бул жүз пайыз мамлекеттики, бир тыйын үстүнө кошулса дагы ал мамлекеттин чөнтөгүнө, Мамлекеттик ипотекалык компанияга түшүп жатат деп билгиле. Ипотекалык компания бай болсо, кайсы убакта кааласаңар дагы үй менен камсыз кылат.

Себеби, биз келечекте айылдарга чейин барышыбыз керек. Бүтүндөй айылдарды жаңыртышыбыз кажет. Канализация, тазалоочу курулмаларды, заманбап шарттары, ысык суусу бар үйлөрдү куруп беришибиз керек.

Мамлекеттик ипотекалык компания ушул иштерди аткарат деген келечектүү 50-100 жылдык план менен баратабыз. Жеке компаниялар менен иштешпейт деген ар кандай сөздөр бар. Башында ипотекалык турай жайларды курууну баштаганда биз жеке компанияларды да чакырганбыз.
Чарчы метрин 650 доллардан куруп бергиле дегенде, чоң-чоң компаниялар “под ключ” 1000 доллардан кем болбойт деп кетишкен.

Айла кетип, өзүбүз компанияларды таап, Чүй облусу менен Бишкекте 700 доллардан, ал эми цемент менен арматураны Бишкектен ташып баргандыктан, аймактарда 750 доллардан кылып берели деп сүйлөшкөнбүз. Калганы 1000 же 1500 доллардан береби ипотекалык компаниянын пайдасына түшүп жатат деп билишибиз керек.

Эң ириде мындай аракет мамлекеттик бюджетке кошумча жүк келтирбестен, жарандарыбызды турак жай менен камсыздоо системасын ырааттуу жана туруктуу жолго коюуга мүмкүндүк берет.
Мындан сырткары, турак жайларды курууда курулуш материалдарынын кымбатташы, куруучулардын эмгек акысы, инфратүзүмдү өнүктүрүү, насостук станцияларды куруу, ошондой эле тазалоочу курулмаларды салуу сыяктуу олуттуу чыгымдар сарпталарын унутпашыңыздар керек.
Бул факторлордун бардыгы долбоордун жалпы өздүк наркын түзүүдө эсепке алынып, натыйжада бир чарчы метр үчүн акылга сыярлык жана экономикалык жактан негизделген баалар белгиленүүдө деп ишенимдүү айта алам.

Мына ошондуктан, бардыгыңыздарды ипотекалык батирлердин баа системасына туура түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнүп кетмекчимин.
Бүгүнкү кубанычтуу күндүн күбөлөрү!

Бүгүнкү иш-чара – бул “Мурас” комплексинин жаңы үйлөрүнүн жөнөкөй эле ачылышы эмес, бул 1080 үй-бүлөнүн санаасы тынып, алдыларына башка жаңы пландарды коюп, келечекке ишенимдүү кадам таштоосу болуп саналат.

Биз мындан ары да заманбап, коопсуз, сапаттуу жана жеткиликтүү үйлөрдү куруп, “өз үйүм болсо” деп кыялданган кыргыз жарандарынын тилектерин ишке ашырууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.

Ал эми жаңы жылдын башталышы менен жаңы ак өргөөлүү болуп жаткандарды дагы бир жолу куттуктаймын!

Жаны үйүңүздөр кут болсун!
Чамгарагыңар бийик, босогоңор бекем болсун!
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат”.

10