7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Улан-Батор шаарына барды

692

Президент Садыр Жапаров бүгүн мамлекеттик сапар менен Монголияга барды.

Мамлекет башчынын борту Улан-Батор шаарынын «Чыңгызхан» эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу документтер кабыл алынат.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында — Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

693