7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Улуттук Межлистин төрайымы менен жолугушту

681

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын жасаган расмий сапарынын алкагында Милли Межлистин төрайымы Сагиба Али кызы Гафарова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо талкууланды.

Милли Межлистин төрайымы Сагиба Али кызы Гафарова кыргыз делегациясы менен учурашып, эки элдин биргелешкен өнүгүүсүнө негиз болгон тарыхый, маданий жана диний жалпылыгын белгиледи.

Ал өлкөлөрдү бекем экономикалык жана гуманитардык мамилелер да байланыштырып турганын, бүгүн президенттер кол койгон Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоонун мыйзамдык базасынын негизи болоорун белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров кыргыз-азербайжан кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын, бул кызматташтык үчүн жаңы келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын, ошондой эле бир катар актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча толук өз ара түшүнүшүү жана позициялардын жакындыгы бар экенин канааттануу менен белгиледи.

Жапаров биргелешкен күч-аракет менен тараптар эл аралык уюмдардын жана аймактык бирикмелердин алкагында конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү камсыздай турганына ишенимин билдирди.

Президент белгилегендей, өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер бүгүнкү күндө жаңы деңгээлге – стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлдү.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы парламенттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлине жетишилгендигин канааттануу менен белгиледи. Садыр Жапаров саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кошумча түрткү берип, парламенттер аралык кызматташуу жемиштүү болоруна ишеним билдирди.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682