7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри менен жолугушту

237

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Улуу Британиянын мурдагы Премьер-министри Тони Блэр менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

”Бюрократиядан арылуу жаатында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Президент Глобалдык өзгөрүүлөр институту тарабынан сунушталган бюрократиядан арылуу боюнча сунуштар каралып жаткандыгын баса белгиледи. Өкмөттөр үчүн эң татаал нерсе — сөздү ишке ашыруу. Стратегиялык пландар адамдар сезе турган реалдуу өзгөрүүлөргө айланышы маанилүү», — деп белгиледи Тони Блэр.

Бул контекстте ал Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан жасалып жаткан кадамдарды жогору баалап, өлкөдө болуп жаткан оң өзгөрүүлөргө, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасынын жакшырышына дыкат көз салып жатканын баса белгиледи.

238