7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Садыр Жапаров Ватикандын Мамлекеттик катчысы менен жолукту

404

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактынын (Ватикан) Мамлекеттик катчысы Пьетро Паролин менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Ватикандын маданияттар жана диндер аралык диалогду чыңдоо аракетин канааттануу менен белгиледи.

Кыргызстандагы ички саясий кырдаалга токтолуп, Садыр Жапаров акыркы жылдары өлкөдө демократиялык институттарды бекемдөөгө жана стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган маанилүү реформалар жүрүп жатканын баса белгиледи.

Президент Улуу урматтуу Папа Франциск билим берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурарын канааттануу менен белгилей кетти. Садыр Жапаров ошондой эле санариптик технологиялар жигердүү өнүгүп, тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө билим берүү системасы — өнүгүүнүн негизи экенин айтты.

Ал өз сөзүндө Кыргызстан дүйнөлүк тенденциялардан артта калбоого умтулуп, билим берүү чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары караарына басым жасады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Ватикан китепканасынын бай мурастарын эске алуу менен Кыргызстандын Улуттук китепканасы менен кызматташууну жөнгө салуу маселесин кароону сунуштады. Ал илимий билимдерди тереңдетүүгө гана эмес, маданий байланыштарды да чыңдоого көмөктөшө ала турган архивдик изилдөөлөрдү алмашуу үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү баса белгиледи.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо тармагына токтолуп, бул тармак өлкөнүн социалдык саясатынын приоритеттүү багыттарынын бири экенин айтты. Тактап айтканда, Мамлекет башчы Кыргызстандын медициналык мекемелери менен Европанын алдыңкы медициналык уюмдарынын бири, заманбап технологиялары жана медициналык тейлөөнүн жогорку деңгээли менен белгилүү болгон “Бамбино Джезу” ооруканасы менен, өзгөчө балдар онкологиясы жана трансплантология тармагында, кызматташууну сунуштады.

Өз кезегинде Ватикандын Мамлекеттик катчысы Пьетро Паролин Кыргызстан жана жалпы Борбор Азия региону Ыйык Такты үчүн чоң кызыгууну жаратып жатканын билдирди. Саламаттыкты сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүү жана маданий кызматташтык артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди.

Ошондой эле Ыйык Тактынын Мамлекеттик катчысы Пьетро Паролин дүйнө элдеринин өз ара жанаша жашоо маселелерин алга жылдыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Аягында тараптар Кыргызстандын католик коомчулугу үчүн актуалдуу темалар, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашты.

 

405