7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Венгриянын Кыргызстандагы элчисин «Достук» ордени менен сыйлады

546

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 27-июнда Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дорогини кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-венгер мамилелерин эки тараптуу өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, стратегиялык өнөктөштүк, соода-экономикалык, гуманитардык тармактагы кызматташтык ж.б. талкууланды.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, ошондой эле гуманитардык чөйрөдө, анын ичинде билим берүү демилгелери чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүүгө басым жасалды.

Мамлекет башчысы 2023-жылдын февраль айында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча Биргелешкен декларацияга кол коюу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналаарын жана Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча бирдиктүү милдеттенмени айгинелеп турганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров Венгриянын элчиси Шандор Дорогиге кыргыз-венгер мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымы жана эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоодо көрсөткөн жогорку кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы — «Достук» орденин тапшырды.

Өз кезегинде Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги мамлекет башчыга кыргыз-венгер кызматташтыгынын үч негизги багыты – экономикалык, билим берүү жана маданий байланыштар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири айтып берди.

Соңунда ал Садыр Жапаровго Венгриянын Бишкектеги дипломатиялык миссиясынын башчысы катары ишмердүүлүгүн жогору баалаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

547