7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри менен жолугушту

391

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту.

Кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары, аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Ошондой эле, өлкөлөрдүн лидерлери транспорттук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров Виктор Орбан менен жолугушууга кубанычта экенин жана Кыргызстан үчүн боордош өлкө, стратегиялык өнөктөш болгон Венгрия менен кызматташтыкты жогору бааларын белгиледи.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери жогорку көрсөткүчкө жетип, ошол эле учурда аларды жаңы деңгээлге чыгарууга олуттуу потенциал бар

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономикалык мамилелердин бекемделгенин белгилеп, Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун алкагындагы жалпы суммасы 24 млн АКШ долларын түзгөн конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу белгиленгенине көңүл бурду.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода мамилелеринин потенциалы кыйла жогору болгондугуна карабастан, толук көлөмдө пайдаланылбай жатканын белгиледи. Ал өз ара сооданы көбөйтүү үчүн күч-аракеттерди жумшоону маанилүү экенин белгилеп, өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүү механизми болуп Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясы саналарын кошумчалады.

Президент Венгриянын ТМУнун ишмердүүлүгүнө активдүү катышуусун толук колдой турганын билдирди.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров венгер тарапка кыргызстандык студенттердин Будапештте билим алуусуна шарт түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанды жана Венгриянын Президенти Каталин Новакты ыңгайлуу убакта Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырып, бул иш-чаралар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого түрткү берет деген ишенемин билдирди.

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан өз кезегинде мамлекет башчыларынын бетме-бет жолугушуулары эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы түрткү берерин баса белгилеп, учурда жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар каралып жатканын эске салды.

Ал Кыргызстан менен Венгрия тарыхый тамыры жалпы бир тууган өлкөлөр экенин белгилеп, венгер тарап Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди.

Виктор Орбан Венгрия Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө оң натыйжаларды көрүп жатканын кошумчалады.

Венгриянын Премьер-министри эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы үчүн толук пайдаланыла элек зор мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурду.

Ал экономикалык кызматташтык жаатында практикалык чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, артыкчылыктуу маселелердин бири катары өлкөлөр ортосунда түз аба каттамын ачуу зарылдыгын мисал катары келтирди.

Садыр Жапаров менен Виктор Орбан ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин бакубатчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жигердүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

392