7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Япониянын Мамлекеттик катчысын кабыл алды

419

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июнда, Япониянын Мамлекеттик катчысы, тышкы иштер улук вице-министри Киёто Цудзини кабыл алды.

Жолугушууда саясий диалогду, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Японияга болгон сапарын жылуу сезим менен эстеп жатканын белгилеп, Император Нарухито жана Премьер-министр Фумио Кишида менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө бекем негиз түзгөнүн баса белгиледи.

Садыр Жапаров «Борбордук Азия+Япония» Диалогунун мамлекет башчыларынын биринчи саммитин өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Диалогдун алкагында аймактык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүдө жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы, иш жүзүндө жүзөгө ашырыла турган формаларын издөөдө негизги ролду ойноого тийиш болгон бул жолугушуунун тарыхый маанисин ырастады.

Муну менен катар Президент Садыр Жапаров Япония менен эки тараптуу аракеттешүүнүн кеңири чөйрөсүндө узак мөөнөттүү кызматташуу Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн тараптарды көп иштер күтүп турганын кошумчалады.

Мамлекеттик катчы, Япониянын тышкы иштер улук вице-министри Киёто Цудзи өз кезегинде кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, «Борбор Азия + Япония» Диалогунун саммитин өткөрүү аймактын өлкөлөрүнүн көп жактуу өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүдөгү тарыхый учур болуп калышы керектигин белгиледи.

Тышкы иштер улук вице-министри эки өлкөнүн Саммитке даярдык көрүүдөгү кызматташтыгын жогору баалап, иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, япон тарап аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыздаган жана глобалдык маселелерди чечүүчү жаңы кызматташтык демилгелерин көтөрүүгө ниеттенүүдө.

Киёто Цудзи Япония Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүүнүн алкагында туризмди, адам ресурстарын өнүктүрүүгө, чакан жана орто ишкерликти колдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну кароого даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Бир айыл – бир өндүрүм» биргелешкен ийгиликтүү долбоорун да талкуулашты.

 

420