Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда Түп–Кеген жолунун ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы бардык жакшы ой-максаттарыбыз дал ушул өнүгүүнү өзөгүн түзгөн жолдорубуздун жакшырышы менен иш жүзүнө ашарын белгиледи. “Авто жол жакшы салынган жерде алака-катыш жанданып, соода, экономика өнүгүп, туризм өсүп, элдин жашоо-турмушу жогорулайт”, — деди ал.
Садыр Жапаров айыл болобу, облус болобу же республика болобу, башталган чегин, астанасын аттаганда эле кадам таштаган жолуна жараша баа берилерин, ой-пикир жараларын өзгөчө белгиледи. Ал мына ошондуктан, акыркы жылдары республикабыздын бардык аймактарында жол тармагына кеңири көңүл бөлүп, бул тармактын өнүгүүсүнө тиешелүү шарттарды түзүүнүн аракети көрүлүп жатканын ырастады.
Президент бүгүнкү күнү өлкөбүздүн булуң-бурчунда заманбап, сапаттуу жолдорду куруу иштери кызуу жүрүп жатканын айтты. Буга байланыштуу ал бир катар ири долбоорлор мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жатканын баса белгиледи. Алсак, үстүбүздɵгү жылы салынып жаткан жолдордун дээрлик 80 пайыздан ашыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда.
Ошентип, Садыр Жапаров жол тармагына өзгөчө көңүл буруп, чоң колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Буга 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 102 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөндүгү айкын мисал.
Мамлекет башчысы өзгөрүүлөр урбанизация процесстерин азайтууга жана туура жолго салууга шарт түзөрүнө ишеним артты. Айылдын эли чоң-чоң шаарларга, анын ичинде Бишкекке, Ошко качпастан, элетте дагы жумуш менен камсыз болуп, ишкердикти өнүктүрүп, тыңдап оокат кылууга боло турганына ишене баштады.
“Ошондуктан, кайсы жерде салынбасын, оңдолуп-түзөлбөсөн жаңы жол – ошол аймактарды бириктирип турган гана инфратүзүм эмес, элдин алака-катышын, биримдигинин чыңдай турган жана мамлекетибиздин өнүгүү келечегин аныктай турган өзүнчө бир багыт десек туура болот”, — деди президент.
Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банк биргелешип ишке ашырган “Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу долбоорунун үчүнчү фазасынын” алкагында бир катар жолдор жаңыланып, пайдаланууга берилүүдө. Бул долбоордун негизги максаты – регионалдык байланыштарды чыңдоо, калктын жашоо шартын жакшыртуу, коңшу өлкөлөр менен соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү жана туризмдин потенциалын көтөрүү.
Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн Түп–Кеген автожолу заманбап стандарттарга ылайык курулду. Жолдун 39–76-чакырымындагы тилке жана Каркыра–Турук–Сары-Жаз автожолунун 13 чакырымы толук жаңыдан оңдолду.
Мамлекет башчысы бул жол кереметтүү Ысык-Көл менен боордош казак элинин Алматы облусун, Алматы шаарын байланыштырган экономикалык жана социалдык мааниси олуттуу жол экенин өзгөчө белгиледи. Ошентсе да долбоор бир гана жол курулушу менен чектелбейт. Ал ошондой эле Ысык-Көл облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган.
Ал эми жеке эле чет элдик туристтер эмес, өлкөбүздүн булуң-бурчундагы мекендештерибиз “Манас” эпосунда даңазаланган айтылуу Каркыра жайлоосун көрүп, эс алуусу үчүн дагы шарт түзүлөрүн мисал келтирди. Туризм турмагын колдоо максатында бул аймакта Балыкчы, Бөкөнбаев, Тосор, Теплоключенко жана Түптө 5 туристтик сервис борбору курулуп, инвестициялык шарттарды жакшыртуу үчүн маанилүү иштер аткарылды. Мындан тышкары “Сан-Таш” тарыхый комплексине бара турчу жол оңдолуп, коңшу айылдардын ички жолдоруна асфальт төшөлдү.
Мамлекет башчысы мындай ири долбоорлордун ишке ашышы Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөр менен болгон ишенимдүү кызматташтыгынын жемиши экенин баса көрсөттү. Буга байланыштуу ал Дүйнөлүк банкка, ошондой эле долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган тармактык министрликке, подрядчы уюмдарга жана бардык куруучуларга ыраазычылык билдирди.
Ал ошондой эле долбоордун алкагында жолду кыш мезгилинде тейлөөчү атайын жол техникаларын сатып алуу да каралганын кошумчалады. Эми “жол азабы – көр азабы” эмес, алысты жакын кылган жакшы жол экени тастыкталат.
Соңунда Садыр Жапаров өлкө жетекчилигинин максаты – ушундай маанилүү долбоорлорду улантуу менен өлкөбүздү өнүктүрүү, ар бир жарандын жашоосун жакшыртуу болуп саналарын жана бүгүнкүдөй жетишкендиктерибиз – биздин биргелешкен эмгегибиздин, ынтымагыбыздын жана келечекке болгон ишенимибиздин натыйжасы экенин баса белгиледи.