Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта, Ысык-Көл облусунун Бает айылындагы «Түндүк Бетон» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ишкананын экономикалык ишмердүүлүгүнүн негизги түрү инерттүү материалдарды, бетон аралашмасын жана темир-бетон блокторун өндүрүү болуп саналат.
Завод заманбап жабдуулар жана өндүрүш процесстерин автоматташтырылган башкаруу системасы менен жабдылган.
Өндүрүштүк цикл үч негизги багытты: таш майдалоочу жабдууну, бетон заводун, ошондой эле модулдук курулуш участогун камтыйт.
Таш майдалоочу жабдуулардын кубаттуулугу бир сменада 1000 тонна чыгарат, эки фракцияга бөлүнөт. Бетон заводу саатына 120 куб бетон өндүрө алат.
Ишкана толук кубаттуулукта ишке киргенде 150 жумуш орду менен камсыз кылат. Учурда өндүрүштө 60 кызматкер эмгектенет.
«Түндүк Бетон» ЖЧКсы тарткан инвестициянын көлөмү 4,5 миллион АКШ долларын түзөт.
Ишкананын негиздөөчүсү Бакыт Айдаров Мамлекет башчысына компаниянын ишмердүүлүгү, анын ичинде Бишкек шаарында жана Ысык-Көл жээгинде беш жылдыздуу мейманканаларды куруу боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Ал акыркы жылдары Кыргызстанда бизнести жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн өзгөчө белгилеп, ишкердикти кеңейтүү алдында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана өзгөрүүлөргө дыкат көз салып турганын айтты.
Бакыт Айдаров ошондой эле модулдук темир-бетон конструкцияларын колдонуу курулуш долбоорлорун кыска мөөнөттө ишке ашырууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Мисал катары Чолпон-Ата шаарындагы шаар куруу жана архитектура боюнча райондук башкармалыктын имаратынын курулушун келтирди — аянты 400 чарчы метр болгон корпусту болгону 10 күндүн ичинде тургузуу пландаштырылууда.
Президент Садыр Жапаров заводдун өндүрүш процесси менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты.
Мамлекет башчысы республика боюнча курулуш иштери активдүү жүрүп жатканын белгиледи. 8-августта Каракол шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдөгү 450 жаңы батирдин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи болот.
Ал жаңы заводдун мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи, анткени бул турак жай долбоорлорун ишке ашырууну кыйла тездетет. Ошол эле учурда, өлкөдө салттуу курулуш технологиясы кеңири колдонулуп жатканына карабастан, турак жайларды пайдаланууга берүү көлөмү кыйла жогору бойдон калууда.
Президент ошондой эле Чолпон-Ата шаарында, мурдагы аэропорттун ордунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ипотекалык батирлерди куруу боюнча масштабдуу долбоор ишке ашырылып жатканын билдирди.
Садыр Жапаров «Түндүк Бетон» заводунун ишке кириши өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө маанилүү салым кошоруна, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөрүнө ишеним билдирди. Ал мамлекет мындан ары да өнөр жайды өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерге ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.