7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө ӨКМдин жаңы имаратын ачты

279

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Каракол шаарында Ысык-Көл облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.

Эски имарат 1956-жылы курулуп, дээрлик 70 жыл пайдаланылган. Анда 10 жумушчу кабинет, ошондой эле нөөмөт бөлүмү жана кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жайгашкан. Кызматкерлер кыйын шарттарда кызмат өтөөгө аргасыз болушкан, бул белгиленген санитардык талаптарга жооп берген эмес жана кызматтык милдеттерин аткарууда кыйынчылыктарды жаратып келген.

Имарат авариялык абалда деп табылгандыгына байланыштуу, шаардык жарандык коргонуу комиссиясы коопсуздук, ишенимдүүлүк жана иштин натыйжалуу уюштурулушу боюнча талаптарга толук жооп берген жаңы заманбап административдик комплексти куруу жөнүндө чечим кабыл алган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникасын көрүп, кызматкерлердин иштөө шарттары менен таанышты. Садыр Жапаровго эрте эскертүү системасынын иштеши, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар коркунучунда колдонулуучу мониторинг жана чара көрүү механизмдери тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров куткаруу кызматтарынын ыкчам чара көрүүгө даярдыгын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ӨКМдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо мындан ары да жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болорун баса белгиледи.

280