Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар темир жол куруу, ичүүчү суу менен камсыздоо, сугат каналдарын тартуу, жол салуу, ипотекалык турак жай берүү жана жер талаштарын чечүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле тарыхый эстеликтерди сактоо, спортту өнүктүрүү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттарды түзүү жана Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо боюнча сунуштарын айтышты.
Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү өтүнүчү айтылды. Президент бул багыттагы иштер улантыларын белгилеп, тиешелүү органдарга тапшырмаларды берди. Ошондой эле көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде карап, чечүү боюнча аткаруу жана сот органдарына милдеттер жүктөлдү.



