7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Юта штатындагы лыжа курортун масштабдуу кеңейтүү долбоору менен таанышты

3

Президент Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Юта штатындагы Deer Valley лыжа курортун масштабдуу кеңейтүү долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысына Deer Valley курортунун концепциясы тааныштырылып, анда заманбап мейманкана, турак жай, спорттук жана туристтик инфраструктурасы бар, жыл бою иштей турган жаңы курорттук кластерди түзүү каралган.

Тоолуу аймактарды комплекстүү пландаштырууга, заманбап архитектурага, алдыңкы мейманкана бренддерин жана жеке инвестицияларды тартууга, ошондой эле суу жана башка жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду. Президент ошондой эле жаратылыш ландшафтын сактоого жана курортко жыл бою конокторду кабыл алууга мүмкүндүк берген инфраструктураны түзүү боюнча ыкмалар менен таанышты.

Садыр Жапаров Ютанын тажрыйбасы заманбап тоо жана жыл бою иштей турган туризм индустриясын өнүктүрүү үчүн уникалдуу жаратылыш мүмкүнчүлүктөрү бар Кыргызстан үчүн өзгөчө практикалык кызыгуу жаратарын айтты.

“Кыргызстандын туризм тармагында чоң амбициялары бар. Биздин милдет — жөн гана айрым лыжа базаларын эмес, алардын айланасында бүтүндөй аймактар өнүгүп, заманбап мейманканалар, ресторандар, тейлөө чөйрөсү, жаңы жумуш орундары жана инвестициялар пайда боло турган дүйнөлүк деңгээлдеги курортторду түзүү. Алар жыл бою биздин жарандарыбыз үчүн да, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген коноктор үчүн да жагымдуу болушу керек”, — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы мындай долбоорлордун алгачкыларынын бири Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” жыл бою иштеген тоо кластери болорун кошумчалады.

“Биз туура багытты тандаганыбызга дагы бир жолу ынандым. “Ала-Тоо Резорт” дүйнөлүк маанидеги курортко жана жалпы Ысык-Көлдүн өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бирине айланышы керек. Бирок биз башынан эле бардыгын: башкы пландаштыруудан жана архитектурадан тартып, суу, энергетика, транспорт маселелерин чечүүгө, калдыктарды башкарууга жана жаратылышты сактоого чейин дүйнөлүк деңгээлде жасашыбыз зарыл.
Бизге берилген байлыкка аяр мамиле жасап, уникалдуу жерлерибизде башаламан курулушка жол бербешибиз керек”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент “Ала-Тоо Резортту” өнүктүрүү өлкөнүн ар кайсы аймактарында заманбап туристтик кластерлерди түзүү боюнча масштабдуу иштин башталышы катары каралып жатканына токтолду. Кыргызстан АКШ, Европа, Азия өлкөлөрүнүн жана коңшу мамлекеттердин алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүп, эл аралык девелоперлерди, алдыңкы мейманкана тармактарын, инвестицияларды, технологияларды жана башкаруу тажрыйбасын тартууну көздөйт.

Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга Юта штатында сунушталган тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүү тажрыйбасын изилдеп, Кыргызстанда туристтик долбоорлорду ишке ашырууда колдонууга мүмкүн болгон чечимдерди пайдаланууну, анын ичинде эл аралык мейманкана бренддерин жана инвесторлорду тартуу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

“Кыргызстан — дүйнөдөгү эң кооз тоолуу өлкөлөрдүн бири. Эми биздин милдет — бул жаратылыш артыкчылыгын сапаттуу туристтик продуктуга туура жана аяр мамиле менен айландырууну үйрөнүү. Биз Кыргызстанды регионубуздагы жыл бою иштей турган туристтик багыттардын ичинен эң жагымдууларынын бирине айландырууга жана дүйнөлүк туристтик картадан өз ордун ээлөөсүнө умтулушубуз керек”, — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

4