7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров өзүнүн сүрөтүн кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү суранды

282

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы Галина Байтерек Мамлекет башчысынын сүрөтүн илүү маселеси боюнча комментарий берди.

Ал баардык кабинеттерге, мамлекеттик мекемелердин имараттарына элдин биримдигин жана мамлекеттик бийликти туюнтуу максатында өлкө Президентинин портретин илип алганга көнүп калышкандыгын белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров «жарандарыбыздын турмушун жакшыртуу жаатында азырынча эч нерсе жасай элекмин», — деп эсептейт. Андыктан, ал мамлекеттик бийликтин бардык органдарына анын портретин кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт. Президент Садыр Жапаровдун пикиринде, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрүн илүү максатка ылайык келет», — деп белгилейт Галина Байтерек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

283