Алдыбыздагы жакынкы жылдардын ичинде алыскы айылдарга чейин жолдор оңдолуп, мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объектилер курулуп, суроо-талаптар толук бүтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда билдирди.
«1-2-курултайларда сиздер аркылуу берилген элдин негизги тапшырмалары мектеп салуу, жол, көпүрө куруу сыяктуу күнүмдүк жашоо тиричиликтин суроо талаптары болгон эле.
Бул мыйзам ченемдүү суроо-талаптар болчу. Анткени чынында эле көптөгөн айылдарыбызда мектептер жок, атүгүл контейнерлерди мектеп кылып окуп калган учурлар да болгон. Жолдор боюнча сөз кылбай деле коелу. Бүгүн абал өзгөрдү. Мектептер, бала бакчалар, ооруканалар курулуп, жолдор салынууда. Алдыбыздагы жакынкы жылдардын ичинде алыскы айылдарга чейин жолдор оңдолуп, мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объектилер курулуп, суроо-талаптар толук бүтөт.
Бул – мамлекеттик бийликтин аткара турган негизги милдети. Ага бир эле мисал: Зардалы айылын да электр жарыгы менен камсыз кылып, алыскы айылга жол салуудабыз. Албетте, кыйынчылыксыз, тоскоолдуксуз иш болбойт. Аларды тайманбастык жана чечкиндүүлүк менен жеңүү аркылуу гана алдыга койгон максаттарга жетебиз»,- деди өлкө башчы.
Посмотреть эту публикацию в Instagram