Кыргызстан өз күчү, талыбаган аракети, ресурстары менен мүмкүнчүлүгү аркылуу сапаттуу өнүгүүгө кадам таштады! Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда билдирди.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу” долбоору буга чейин ондогон жылдар бою текчелерде чаң басып келген.
Биз бул долбоорго киришкенибизде ага ишенбегендер, атүгүл бул жолду куруу “жомок” деп шылдыңдап күлгөндөр болду эле. Азыр ал жомок эмес экенине, ишке ашып жаткан кадимки долбоор экенине баарыңыздар күбө болуп жатасыздар. 27-декабрь күнү бул жолдун расмий курулуш иштери башталат. Бул жол Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болот. Соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргызстан менен Кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө бекетинин ачылышы – өлкөбүздүн транзиттик потенциалын чыңдоодогу маанилүү кадам. Бул стратегиялык маанидеги объект жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн агымын тездетип, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, негизги өнөктөштөр менен соода байланыштарды бекемдейт.
“Бедел” биздин дүйнөлүк экономикага интеграцияны жана транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө прагматикалык мамилени жана Кыргызстанды эл аралык транспорттук хабга айландыруу боюнча кезектеги кадамдарыбызды көрсөтөт. “Камбар-Ата-1” ГЭСи – муундан-муунга аңыз болуп айтылып, көптөн күткөн долбоор эле. Бул кыял дагы реалдуу ишке ашууда. Өлкөбүз энергетикалык жактан көз каранды болбой, энергетика менен өзүн-өзү камсыздоого өтөт.
Жүздөгөн жылдар бою биздин ырыскыбызга айланган суу ресурсу келечекте өлкөбүздү алдыга жылдырган, экономиканы өнүктүргөн, энергия менен камсыз кылган жана электр кубатын экспорттоочу күч болот»,- деди өлкө башчы.
Посмотреть эту публикацию в Instagram