7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакиев жаңы жылдан кийин жаңы министрлик түзүлөрүн айтты

349

️Кыргызстанда жаңы жылда Билим берүү министрлиги экиге бөлүнүп, Жогорку билим жана илим министрлиги менен Агартуу министрлиги түзүлөт. Бул тууралуу ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн Элдик Курултайда билдирди.

Ал министрликти бөлүү демилгесин кечээ президент колдоп бергенин айтты.

“Билим берүү илим министрлиги аябай чоң тармак. Министр бир эле учурда мектепке чейинки билим, мектеп, лицейлер, жогорку окуу жайлар өңдүү 8-9 багытты алып барат. Бул министрликке эки баштуу министр алып келсек дагы ал министр алып кете албай жатат. Ошондуктан парламентте дагы айттым, министрликти бөлүш керек. Мектепке чейинки жана мектеп билими өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогорку билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлүшү керек. Билим сапаттуу болмоюн сапаттуу келечек болбойт. Ушул демилгени президентибиз кубаттап, кечээ сүйлөштүк, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат. Жогорку билим жана илим министрлиги менен Агартуу министрлиги”, — деди төрага.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

350