7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси кабыл алды

184

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Өзбекстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саидикрам Ниязходжаевди ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды жана аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар кандай чөйрөлөрдө туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөткөн мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлине канааттануусун билдирди.

Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын июль айында Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашууларды, анын ичинде баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшө турган Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү тууралуу макулдашууларды ишке ашырууга ишеним билдирди.

Экономикалык кызматташтыктын контекстинде Садыр Жапаров өз ара соода көлөмүнүн өсүшүн, товарлардын номенклатурасынын кеңейишин жана экспорттук-импорттук байланыштардын бекемделишин белгиледи. Ал биргелешкен ишканаларды түзүүнүн жана ири инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде энергетика жана транспорт тармактарында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде элчи Саидикрам Ниязходжаев кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин атынан саламын жана жакшы каалоолорун айтты.

Ал Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары эки өлкөнүн кызматташтыгынын тарыхында жаңы баракты ачып, эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө жана достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ынак коңшулукту мындан ары бекемдөөгө күчтүү түрткү бергенин айтты.

Өзбекстандын Элчиси жолугушуулардын жыйынтыгында өз ара товар жүгүртүүнү эки миллиард АКШ долларына жеткирүү, ошондой эле энергетика, транспорт, туризм жана регионалдык кызматташтык багытында инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча милдеттер коюлганын белгиледи.

Саидикрам Ниязходжаев Садыр Жапаровду эки мамлекет башчыларынын келишимдерин ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшап, ошондой эле эки өлкөнүн жана элдин жыргалчылыгына багытталган стратегиялык демилгелердин үстүндө жигердүү иштей тургандыгына ишендирди.

185