7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

151

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулаштык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн туруктуу өсүү динамикасын, ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн канааттануу менен белгилешти. Анын ичинде өнөр жай кооперациясы, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жана “Камбар-Ата ГЭС-1”долбоору өзгөчө белгиленди.

Ошондой эле лидерлер регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, алдыдагы эки жана көп тараптуу иш-чаралардын графигин карап чыгышты.

152