7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

526

Бүгүн, 18-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары регионалдык кызматташуу маселелерин, ошондой эле Худжанд шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын Эл аралык Нооруз майрамын майрамдоонун алкагында боло турган үч тараптуу саммитин талкуулашты.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бул региондогу туруктуулукту жана кызматташтыкты бекемдөө жолундагы маанилүү кадам экенин айтты.

Лидерлер буга чейин жетишилген келишимдерди тез арада ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өнөктөштүктүн стратегиялык мүнөзүн баса белгилешти.

527